Эркектерди жек көрүп калгам, бирок жалгыз калуудан корком. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Жашым 33тө, ажырашканыма 12 жыл болду. Жолдошум көп ичип, кош бойлуу кезимде далай жолу бирде-ачка бирде ток калып, аябай кыйналдым. Кызымды жетелеп жүрүп жалгыз чоңойттум. Жумушка барганда да жаныма алып алчу элем.
Ажырашкандан бери эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Эркектерди жек көрөм. Туугандар, тааныштар турмушка чык деп айтышса, кадимкидей ачууланам.
Анткени, кызыман корком. Ал 13кө чыгып калды. Өгөй атасын коюп өз атасынан кордук көрүп, зордук-зомбулукка туш болгон балдар көп болуп кетти. Кызыма кандай мамиле кылат? Кызым кандай кабыл алат? – деп сарысанаа болом.
Ошол эле учурда, кызым бой жетип турмушка чыгып кетсе, мен эмне кылам? – деп ойлоном. Кеңеш бериңизчи?
Алдын ала, рахмат!
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Сиздин катыңыз айыга элек жаратка окшош. Турмушуңузда ушунча кыйынчылыкка туш болуп бардыгын жалгыз басып өтүүгө аргасыз болгонуңуз абдан кейиштүү.
Жаш кезиңизде турмушка чыгып жатканыңыздагы тилектер, кыялдар, үй-бүлөлүк жашоого, өмүрлүк өнөктөшүңүзгө болгон үмүттөр акталбай калган өңдөнөт. Мындай күндөрдү жакындардын колдоосу жок туруп баштан кечирүү өтө оор.
Бирок, сиз бардыгына туруштук бердиңиз. Аракеч күйөөдөн кенедей бала менен кетип калуу оңойго турбаса керек. Сиз чечкиндүү, күчтүү айым экенсиз. Бул нерсени эсиңизден чыгарбаңыз.
Учурда сизде бир нече темалар бар. Ар бири олутту, ар бирине жакшылап көңүл бөлүу зарыл.
- Туш-тараптан жасалып жаткан кысым (Качан турмушка чыгасың? Күйөөгө тийип алсаң боло? Дагы бирди төроп алсаң боло? ж.б.) менен кантип күрөшүү керек?
- Жеке жашоону эмне кылуу керек? Турмушка чыгуу керекпи же жалгыз эле жашаган туурабы?
- Өгөй атасы кызыңызга кордук көрсөтүүсүн кантип алдын алса болот? Кандай кепилдиктер бар?
- Жалгыздык менен кантип күрөшүү керек?
Сиз кыйналып жатам, деп айтып жатасыз. Ал эми кызыңызга мындан да оор. Азыркы тапта башкы максатыңыз, өзүңүздүн эркектерге болгон жек көрүүңүз кызыңыздын келечегине кесепетин тийгизбегидей кылуу. Сөздөрүңүз, эмоционалдык абалыңыз, үй-бүлө жана эркектер тууралуу пикириңиз баланын дүйнөнү кабыл алуусуна чоң таасир этет. Себеби баланын жашоону элестетүүсү жана ага болгон мамилесин ата-энеси калыптандырат.
Сизге адистин жардамы керек. Ал таарыныч, кек сактоо, ачуулануу сезимдеринен кутулууга көмөктөшөт. Бул эмоциялардан бошонгондон кийин көз караштарыңыз өзгөрүп, чечим кабыл алуу кичине жеңилирээк болуп калат.
Дүйнө ар-тараптуу, анда жашап жаткан адамдар да ар-түркүн. Кызыңыз өзүнүн жашоосундагы жолун басып өтүп, өзү туура деп кабыл алган чечимдер менен жашоого акысы бар. Анын чечимдери ийгиликтүү болуусуна ар бир ата-эне ишенгиси келет.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.