// //

Күйөөм “красавчикмин”, экинчи аял алсамбы” дей берет

2020.04.01, 13:15
2798

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Инстаграмга кирип алып кыздардын фигурасын карайт"

19 жашымда келишимдүү жигитке турмушка чыктым. Кыз-жигит болуп жүргөндө ар дайым өзүм чалып, кээде чөнтөгүнө акча салып коет элем. Турмуш курсак өзгөрөт деп ойлодум, бирок андай болгон жок.

Кечке телефон чукулап жатат, оюн ойнойт, мультфильм көрөт, эң негизгиси жеткен жалкоо.

“Жакшы көрөм” дегенине деле ишенбейм. Урушканда таарынып ыйласам келип сооротпойт. Кайра жалдырап өзүм барам. Чын-тамаша аралаштырып “красавчикмин”, экинчи аял алсамбы” дей берет.

Инстаграмга кирип алып кыздардын фигурасын  карайт.

Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Күйөөдөй болуп жакшылап кам көрө алган жок. Жылуу сөз укпаган аял муздай баштайт экен. Менин дагы күйөөмөн көңүлүм кала баштады. Төрөгөндөн кийин такыр жакпай калды.

Балабызга сегиз ай болгондо, жообумду сурадым. “Жок жаным, өзгөрөм”,- деп сөз берди. Эч кандай жылыш болгон жок. Артынан түртүп жүрүп иш кылдырасың, ошон үчүн кечке сүйлөнөм. Акыры өзү “балам болбогондо үйүңө алып барып берет элем” дей баштады.

Акыркы күндөрү өзүмө такыр жолотпой калдым.

Жакында Москвага кетти. Жакшылап деле узаткан жокмун. Телефондон баласын эле көрсөтүп турам, өзүм сүйлөшкүм келбейт. Кандай жүргөнүм аны кызыктырбайт. Кээде отуруп алып, балким ошол жактан өзгөрөт деп ойлойм, бирок кайра ишенбей кетем.

Учурда 22демин. Калган өмүрүмдү минтип өткөргүм келбейт. Кийин балам чоңойгондо “атамдан эмнеге ажыраттың” десе, кантип жооп берем деген гана ой кармап турат. Балам үчүн жашай берсемби же ажырашканым жакшыбы?

Адис эмне дейт

Венера Сыдыкова, психолог

Саламатсызбы! Ажырашуу – сиздин жагдайда эң акыркы кадам болуп саналат, бул кадамды жасап жатканда өзүңүздү гана угуңуз. Бала бактылуу энени көрүшү керек, ал эми жоопкерчиликтүү аталар ажырашкандан кийин да баласына тарбия бериши зарыл. Андыктан, биринчи кезекте, эмнени каалап жатканыңыз жөнүндө ойлонуп көрүүнү сунуш кылам.

Кандайдыр бир учурда, аялдардын көпчүлүгү өзүлөрүнүн өнөктөшүнө болгон мурдагыдай сезимдерди сезбей, жолдошу ал каалагандай болбой калгандыгын түшүнүшөт. Бирок бул ажырашууга негиз эмес жана бир жылдан ашык убакыттан бери курулуп келе жаткан нерселердин тамырын жулуунун кереги жок, эмоцияга алдырбаңыз. Эгер үй-бүлөлүк бакытты сактап калуу үчүн жок дегенде бир мүмкүнчүлүк болсо, аны да колдонуунун кажети бар.

Үй-бүлөлүк жашоо – күн сайын мамилелер үстүндө иштөөнү талап кылат. Тилекке каршы, сизге жардам бериш үчүн сүйүү першитеси - Купидон учуп келбейт. Бул менен сиз өзүңүз иштешиңиз керек. Күн сайын күйөөңүздөн кандайдыр бир жакшы нерсени байкап көрүүгө аракет кылыңыз, сырттан көз жүгүртүңүз. Балким, сүйүктүү балмуздагыңызды сатып берип жүрөт же уктап жатканда үстүңүздү жууркан менен жаап коюп турат? 

Бардык жакшы нерселер тез эле кызыксыз болуп калат: биз өнөктөшүбүздүн терс жактарын гана эстеп, жакшы жактарын анын милдети катары кабыл алып калабыз. Балким, башка бир аял мындай эркек жөнүндө кыялданып жүргөндүр, а сиз аны чанып жатасыз.

Күйөөнүн жалкоолугуна токтолсок, биринчи кезекте эмне үчүн ал жалкоо, эмнеге демилге көтөрбөй тургандыгынын себебин табыш керек. Атасы менен апасынын ортосундагы мамиленин моделин өз үй-бүлөсүнө колдонуп жатабы же сиздин сындооңузга болгон коргонуусубу? Жалпысынан, көйгөйгө каршы күрөшүү ооруну айыктырууга окшош. Оорунун себеби аныкталмайынча, симптомдордон арылуунун кажети жок.

Күйөөңүздү сындап, ажырашам деп шантаж кылууну уланта берсе болот. Балким, жүрүм-турум моделин өзгөртөт. Бирок туруктуулугу жана эрки канчага чейин созулаары белгисиз. Жалкоо эркекти, жумуш жасоого көнгөн эмес болсо, мажбурлоо мүмкүн эмес.  

Маселени кыйла продуктивдүү жол менен чечүү - бул тынч диалог. Эгер жолдошуңуз сүйлөшүүгө даяр болсо жана өзгөрүүнү чын дилинен кааласа, аны кийинки иш-аракеттерин колдоого аракет кылыңыз. Мындан ары кайсы багытта жүрүү керектигин талкуулап, күйөөңүздү ар дайым колдооңузга ишене аларына ынандырыңыз. Анын каалоосу, сиздин чыдамкайлыгыңыз, бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет.

Эсиңизде болсун, жалкоо күйөө же жалкоо эркек, сиз өзүңүз ошондой деп чечсеңиз гана, көйгөй болот. Себеби, бардык көйгөйлөрдүн тамыры биздин башыбызда.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт