Жигитимдин мага көңүлү жоктой, мен чалмайынча байланышпай жүрө берет
Саламатсызбы. Менин жигитим бар, бирок мага көңүлү жоктой. Өзүм чалам, өзүм жазам. Чалсам, жакшы эле сүйлөйт, бирок эркелетпейт, жакшы сөздөрдү айтып көңүлүмдү албайт. Жазбай койсом, эмнеге жазбайсың, чалбайсың, дейт.
Мен аны катуу жакшы көрөм. Эмне кылып көңүлүн алсам болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Эгер сизди мындай мамиле канааттандырса демек бары жайында. Эч кандай көйгөй жок. Сиз активдүү экенсиз, ар дайым биринчи кадам жасайсыз, ал эми жигитиңиз пассивдүү, сиздин демилге көтөрүп чыгууңузду күтөт. Телефон чалсаңыз жооп берет, чалбасаңыз, бейкапар жүрө берет.
Балким ал сизге, сиз менен сүйлөшүп турууга муктаж эмес. Же болбосо анын болгон мүнөзү ушундай. Демек, аны турган турпаты менен кабыл алып, мүнөзүн, жүрүм-турумун, сизге жасаган мамилесин өзгөртүүгө ашыкпаңыз.
Ал эми ага көбүрөөк жагып, көңүлүн алгыңыз келип турса, оюн бир тараптуу гана болооруна даяр болуңуз. Адатта мамилени өркүндөтүп, өстүрүп, сактап калуу үчүн эки тараптын тең аракети зарыл. Ал эми сиздин абалыңызда, жигитиңиздин кызыкчылыгы жоктой.
Убакыт өткөн сайын анын көңүлүн ала берип тажайсыз, ошондо балким, бул ситуацияга жана мамилеге болгон көз карашыңыз өзгөрөт. Бир нерсени эсиңизден чыгарбаңыз: сиз убактыңызды, өмүрүңүздү коротуп жатасыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.