// //

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

2020.03.26, 11:42
3707

Саламатсызбы. Мага жардам бересизби? Мен 1-курстун студентимин. Менин көйгөйүм доскага чыкканда үнүмдү чыгарып окуй албайм. Калтырап, жүрөгүм чыгып кетчүдөй бат-бат согуп, үнүм ыйлагандай болуп чыгат. Бул нерсе мектептен бери эле калбай келет.

Мени эл карап турганда сүрдөп, жаман болом. Өзүмө ишенимдүү болоюн коркпоюн дейм, бирок мээмде “запись” калып калган окшойт. Коркоктугумду кантип жеңсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2020, 11:44

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Сизге алгач өзүңүздүн коркоктуңузду жеңсеңиз кандай пайда көрө тургандыгыныз жөнүндө ойлонуу зарыл. Сиздин жашооңуз, канайча өзгөрмөк, кандай сезимдерге, эмоцияларга туш болмоксуз? Коркуу сезимин жеңүүдөн сиздин көргөн пайдаңыз өтө олуттуу болууга тийиш, ошондо мотивация жаралат.

Ойлондуңузбу? Азаматсыз!

Эми экинчи бөлүгүнө өтөлү.

Сиз чынында эмнеден коркосуз?

Мисалы: мен туура эмес окуп алып, уят болуп калуудан корком, же болбосо мен жаңылсам, башкалар мени шылдыңдашат деп чоочуркайм. Андай боло турган болсо жаман абалда калып, такыр сүйлөбөй коем.

Коркуу сезиминин экинчи тарабы да бар. Бул идеалдуу болууга умтулуу жана өзүңө катуу талаптарды коюу. Жаңылууга тыюу салуу.

Эми жакшылап ой жүгүртүп көрүңүз. Мындай талаптарды өзүңө коюу канчалык деңгээлде адекваттуу? Эгер адам бардык нерсени идеалдуу жана мыкты жасаса, ал бир нерсеге үйрөнүшү мүмкүнбү?

Өнүгүүгө жол бербей жаткан катуу талапты четке кое туруңуз. Өзүңүзгө адашууга, жаңылууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Каталарыңызга анчейин маани бербеңиз.

Кийинки этап: “Менин колуман келбейт” – деген ой сизге канчалык жардам берет? Ал чындап эле сиздин көздөгөн максатыңызга жакындатып жатабы? Менимче, бул болгону адатка айланып калган ой жана анын реалдуулукка эч кандай тиешеси жок.

Эгер сиз эл алдына чыгып сүйлөп жүргөн болсоңуз, демек тажрыйбаңыз бар экен. Ал тажрыйбалар коюлган талапка төп келген жок. Бул сиздин колуңуздан келбейт дегендик эмес. Бул, демек, идеалдуу деңгээлге жетүү үчүн улам-улам ошондон өтүп, чеберчилигиңди арттыруу керек дегенди билдирет.

Коркуу сезимин ичиңизден жеңсеңиз, иш жүзүндө да жеңүү кыйынга турбайт.

Өзүңүздү урушпаңыз, сизге дем-күч бере турган ойлорго басым коюңуз!

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт