Ислам институтуна окугум келет, бирок турмушка да чыгышым керек. Эмне кылсам?
Саламатсызбы. Мен билим алуу үчүн Ислам институтуна окугум келет. Жашым 23тө. Бирок турмушка да чыгуум керек, бой жетип калдым. Кайсы бирин тандашым керек?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. А эмне үчүн сиз турмуш куруу менен билим алуу экөөнүн бирин гана тандаш керек деп ойлоп жатасыз?
Турмушка чыгып үй-бүлөө куруу абдан жакшы, билим алуу да сонун. Булар бири-бирине карама-каршы келчү нерселер эмес. Үй-бүлөлүү болуп деле окуусун ийгиликтүү окуп жүргөндөр көп. Заманбап жашоодо экөөнү айкалыштырып жүрүүгө толук мүмкүн. Бүгүнкү күндө үй-бүлөнү, энеликти окуу, жумуш, карьера менен бир алып кеткен мисалдар абдан көп экенин мен айтпасыам деле өзүңүз көрүп, билип, угуп жүрсөңуз керек.
Эмне үчүн өзүңүзгө өзүңүз чектөө, шарт коюп жатасыз?
Түрдүу окуяларга, жолугушууларга, танышууларга бай, ар тараптуу, кызыктуу жашоону баштан кечирүүгө ар бир инсандын акысы бар. Болгону мындай жашоону адам өзү тандайт, жана мен так ушундай жашагым келет, деп өзү чечет.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.