// //

Бала эмне үчүн ичтен өлүп калат? Себептери

2018.11.17, 13:36
10924

35 жаштамын. Беш айлык боюмда бар болчу. Ичим чыдатпай оорутканынан бейтапканага баргам. Дарыгер “Башка балдарыңыз барбы?”, - деп сураса, таң калып “ооба, эки балам бар” дегем. Көрсө түйүлдүк өспөй, ичимен өлүп калыптыр. Буга эмне себепкер? 

                                                                                                                            Айжамал

Бишкек шаарындагы “Доктор Громова” медициналык борборунун гинекологу Зебохан Абдурахманова түйүлдүктүн өрчүбөй калуу себептери тууралуу айтып берет.

Өрчүбөй калган түйүлдүк –  патологиялык процесс деп, түйүлдүктүн (аз мөөнөттө 13, чоң мөөнөттө 22 жумага чейин) жатындын ичинде өспөй, жансыз болуп калышы.

 

Себептери:

-        Жатындын сезгенүүсү (жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар);

-        Гормоналдык өзгөрүүлөр;

-        Иммунитеттин дал келбөөсү;

-        Идиопатикалык себептер (бир канча себептер).

Белгилери:

Кош бойлуу аялда төмөнкү белгилер байкалса дароо дарыгерге кайрылуусу керек.

-        Кош бойлуулуктун симптомдору жоголот (көңүлдүн айнышы, кусуу, алсыздык);

-        Табарсык, бел тартылышып ооруп, кочкул күрөң түстөгү суюктук келиши мүмкүн.

Кандын “ХГЧ” анализи жана УЗИ жыйынтыгы:

-        “ХГЧ” көрсөткүчү кош бойлуулуктун нормадагы мөөнөтүнөн аз болуп чыгат;

-        УЗИден түйүлдүктүн жүрөгү сокпой калганы жана өсүшү токтогону белгилүү болот.

Түйүлдүк кантип алынат?

  1. Жатындын ичи тазаланат;
  2. Түйүлдүктүн элементтери гистологиялык изилдөөгө жөнөтүлөт;
  3. Бейтапка антибактериялдык жана сезгенүүгө каршы дарылар сунушталат.

Гистологиялык изилдөөнүн жыйынтыгынан түйүлдүктүн өспөй калуусунун себеби билинет.

Кантип алдын алуу керек?

Алгачкы жолу боюңарга бүткөн болсо, түйүлдүктүн өөрчүбөй калуу коркунучун алдын алууга болбойт. Анткени анык себептери билгисиз. Экинчи ирет кайталанбаш үчүн гистологиялык жыйынтыктын негизинде дарылоо жүргүзүлөт.

Бейтапта экинчи же үчүнчү ирет түйүлдүк өспөй калса генетиктин консультациясына жолдомо берилет. Ал эми өнөктөшү “сперматогенез” анализин тапшырат.

Өспөй калган түйүлдүк алынып тазалангандан кийин 3 айдан 6 айга чейин сактануу шарт. Кийинки кош бойлуулук дарыгердин көзөмөлү менен пландалышы керек.

Ар бир кош бойлуу айымды дарыгер менен тыгыз байланышта болууга чакырам!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт