// //

Сүйлөшкөн кызым турмушка чыккан. Кыйналып жатам деп мага телефон чалып жатат

2020.03.19, 16:45
3220

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Мен 25 жаштамын, бойдокмун. Төрт жыл сүйлөшүп жүргөн кызым башкага турмушка чыгып кеткен. Бир жылдан кийин мага жазып, чалып, кыйналып жатам, деп жүрөгүмдү оорутчу болду. Эмне кылсам болот?

Адис кеңеш берет

Мария Самсонова, психолог

Мен сизге карым-катнаштын өзгөчө бир түрү жөнүндө айтып берейин. Аны 1968-жылы Стивен Карпман сүрөттөгөн. Бул маалымат сизге туура чечим кабыл алууга жардам берет.

Карпман үч бурчтугу –  үч адамдан турган мамиле, алар үч ролду аткарышат: жабырлануучу, агрессор, куткаруучу.

Жабырлануучу -  ар дайым адилестиздикке, тагдырына даттанат. Өзүнүн алсыздыгын, көйгөйүн чече албастыгын демонстративдүү түрдө көрсөтүп турат. Ошол эле учурда өзүнө жоопкерчилик алгысы келбейт. Жашоосундагы кыйынчылыктар үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөйт. Анан албетте аны куткара турган адамды издейт.

Агрессор – жабырлануучуну ар дайым таарынтып жүргөн киши.

Куткаруучу – бардык күч аракетин жабырлануучуну агрессордон куткарууга жумшаган адам.

Эми бардыгын сиздин мисалынызга салып көрөлү:

Сиздин сүйлөшкөн кызыңыз жабырлануучунун ролунда. Ал турмуштун оор сыноосуна туш болду, жана аны өзү чечүүгө алы жетпей турат. Күйөөсүн агрессор катары көрсөтүп, сизди андан куткаруусун суранууда.

Сүйлөшкөн кызыңыз өз алдынча аракеттерди жасап, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келген жок. Ал эми сиздин жүрөгүңуз бул адилетсиздикке чыдабай, сулуу ханбийкени каардуу ажыдардан куткарып алууга даяр турасыз.

Ушуну менен маселенин бардыгы чечилип калса, албетте сонун болмок,  жомоктогудай жашоо башталмак. Бирок, реалдуу жашоодо таптакыр башкача.

Мындай мелодрама сериал сымал жылдан-жылга созула берет. Жабырлануучу чын дилинен куткаруучунун жардамына муктаж экенин айтат. Бирок, өзү эч кандай иш аракеттерди жасабайт. Себеби ага жабырлануучу, курмандык болгон жагат. Ушунусу менен өзүнө көңүл бурдургусу келет.

Сүйлөшкөн кызыңыз, күйөөсү менен ажырашып, сиз менен баш кошкон күндө да, бир канча убакыттан кийин сизди агрессор катары көрө баштайт. Анан жаңы куткаруучуну издейт.

Бул сценарий чексиз кайталана берет. Болгону андагы каармандар ролдору менен улам алмашып турушат. Ар дайым арыздануу, күнөлөө, көз жаш, кызгануу, башкаруу – бардык сезиимдер бар. Бирөөсү гана жок – бул бакыт.

Бул үч бурчтука түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Жабырлануучуну куткарбай эле коюңуз! Боор ооруп, анын көйгөйүн түшүнүү менен кабыл алып, моралдык жактан колдоо көрсөтүүгө болот. Бирок куткаруу керек эмес!

Сүйлөшкөн кызыңыз чечимди өзү кабыл алышы керек, жасаган иштерине өзү жоопто болууга тийиш. Бактысыз нике, бул анын тандоосу, ал акыл эси жетилген, чоң адам.

Ушунчалык кыйналып жатса, абалды ого бетер курчутпай, чаташтырбай ажырашсын.

Эркин болгондон кийин жаңы мамилени баштасын. Мына ошондо ортодогу мамиле таза жана чынчыл болот.

Сиз үчүн эмне маанилүү, ойлонуп көрүңүз: эр жүрөк куткаруучу атка конуу же болбосо чынында бактылуу мамиле куруу?

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт