// //

Жигити зордуктаган кыздын окуясы. Адистин кеңеши

2018.11.16, 15:02
3328

Кундузду сүйлөшкөн жигити зордуктаган. Намысынан ажыраганын уялып, бир чети коркуп эч кимге айткан эмес. Жигити эч нерсе болбогондой бейкапар жүрөт.   

Саламатсызбы, мага адистин кеңеши керек. 21демин. Москвада иштейм. 27 жаштагы жигитим бар. Экөөбүз мурун чогуу иштечүбүз. Ал каршылыгыма карабай зордуктап, намысымды алып койду. Аны сүйөм, бирок жанына жологондон коркуп жатам. Көп урушабыз. Бир батирде турчубуз, 3 күн мурун чыгып кетти. Эми кантип турмушка чыгам? Эмне кылсам болот? Ойлоно берип көп ооручу болдум.

Бермет Уланова, гештальт консультант

“Зордукчуңа турмушка чык, бактылуу болосуң” деп бир да психолог айтпайт. Тилекке каршы, биздин менталитет ушундай, уятты жашырып зордуктоонун курмандыгы болгон кызды кылмышкерге күйөөгө берип коюшат. Менин пикирим боюнча - бул туура эмес. Зордук-зомбулук жасаган адам аракетин дагы кайталышы мүмкүн. Ошондуктан, болгон окуядан кийин ортодогу мамилени уланткыңыз келсе жакшылап ойлонуңуз.

Жигитиңиз зордуктаганын, уруш көп болоорун жана ага жакын баруудан коркуп жатканыңызды жазып, кайра сүйөөрүңүздү айтып жатасыз. Бул чындап эле сүйүүбү же жокпу билүү үчүн биринчи өзүңүздү түшүнүп алышыңыз керек.

Өзүнө ишенбеген же бала чагынан ата-энесинин өтө катуу көзөмөлүндө чоңойгондор башка адамга психологиялык жактан көз каранды болот. Намысыңызды алып койгону үчүн өзүңүздү жигитиңизге байлап жатасыз. Ойлонуп көрүңүзчү,  кыз эмес экениңизди жашыруу үчүн өмүр бою зордукчу менен жашоого даярсызбы? Сизге жасаган мамилеси жагабы? Эмне кылышты билбей турганыңызды билем, шашпаңыз, тыным алыңыз.

Bilesinbi.kg порталына жигиттери зордуктап койгон кыздар көп кайрылышат. Ошондуктан, мен кыздарга кеңеш бергим келет. Мындай болбош үчүн, жигиттер менен мамиле түзүп жатканда чек койгонду үйрөнгүлө. Сүйлөшкөнүңүз менен жыныстык мамиледе болгуңар келбесе, ошол замат никеге чейин жыныстык катнашка барбай турганыңарды ачык билдиргиле.

Ошондой эле, жигит менен жыныстык жашоодо жашагыңар келбесе, аны менен бир батирде турбагыла. Кээ бир эркектер мындай нерселерди туура эмес түшүнүп алышат. 

Силерди зордуктоого, жыныстык катнашка мажбурлоого же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасатууга эч кимдин  укугу жок. Эгер андай болсо, дароо эле укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу айым, түшүнгөнүм боюнча окуя Москвада болгон экен. Зордуктоого кайсы жерден кабылсаңыз, ошол аймактагы милицияга барып арыз жазыңыз. Бир нерсени белгилеп кетейин, зордуктоо фактысын тастыктап берүү керек.

Милиция териштирип, кылмыштын курамын далилдесе, ишти сотко өткөрүп берет. Моралдык же материалдык зыян тарткан болсоңуз, соттон өндүрүп алсаңыз болот.

Убакыт өтүп кетти деп кабатырланбаңыз. Зордуктоо мөөнөтү узак оор кылмыштардын түрүнө кирет. Күнөөлүүнү жоопко тартуу эч качан кеч эмес!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт