// //

Күйөөм экөөбүз уруша кеттик, боюман алдырып Москвага кетип калсамбы?

2020.03.16, 10:20
1264

Саламатсызбы. Жашым 21де. Күйөөм менен катуу урушуп, тил табыша албай койдук. Кош бойлуумун, үч ай болуп калыптыр. Эмне кыларымды билбей кыйналып жатам. Жашоодон кайткым келди.

Телефон чалсам, урушуп өчүрүп салат, жазсам окуйт бирок жооп бербейт. Баланы алдырып, Москвага кетип калсамбы деген да ой пайда болуп жатат. Атасы жок баланы кантип чоңойтмок элем?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2020, 10:21

Венера Сыдыкова

Психолог

Саламатчылык. Ар бир адамдын жашоосунда оор күндөр болот. Келечектен үмүтүң үзүлүп, мындан жаман болбойт, деп ойлойсуң.

Бирок, чынында андай эмес. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, артка кылчайып караганда, азыркы кырдаал анчалык деле кыйын эмес экенин түшүнөсүз.

Сизди түшүнбөгөн, каттарыңызга жооп бербеген адам үчүн жашоо менен кош айтышууну туура көрүп жатасызбы? Ал киши ошого татыктуубу?

Балким, сизди чындап баалаган жана сизге чындап муктаж болгон адамдар жөнүндо ойлонуп көрөсүз? Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз, досторуңуз, жүрөгүңүздүн алдында көтөрүп жүргөн кичинекей ымыркайыңыз?

Ар бир бала жаралган соң жашоого укугу бар. Ооба, сиз азыр кыйналып турасыз, бирок мунун бардыгы убактылуу. Жакшылап ойлонуп көрүңүз, азыр чыгарган чечимиңиз үчүн 10 жылдан кийин өкүнүп калбайсызбы?  

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү, интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
16.03.2020, 10:32

Бирөө балага зар болсо бирөөнө кор экенда Үйлөнгөнүмө 1 жыл болуп калды келинченимдин боюнда боло элек сабыр кылып Кудай буйруса Аллах бизге да насип кылат деген үмүт мн жүрөбүз. Сенин боюман алдырам туура эмес

0
Пайдалуу жооп
С
Сулуу Кыз(◠‿◕)
16.03.2020, 10:45

Сиз бала тууралуу куйоонузго айтып кордунуз беле?Эгер ал уккан болсо да албай жатса анда озунуз эле чонойтуп аласыз баланы ар бир бала оз ырыскысы менен келет бул дуйного 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
19.03.2020, 14:13

Тороп баланды колуна алганда башка проблемалар тукко татыбай калат .... Тороп алганын жакшы....эне болгон,энелик бакыт дегенди эне болгондо эле сезет экенсин....Бироо айтса эч тушунбойсун....

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт