Түндө уктап жатып, басып кетем, кээде сүйлөнөм. Эмне кылсам болот?
Түндө уктап жатып басып кетем, кээде сүйлөнөм. Мындай нерсе кичинемен бери бар, азыр 18ге чыгып калдым. Эмне кылсам болот?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Сиз айтып жаткан кубулуш сомнамбулизм деп аталат.
Сомнамбулизм – бул уйкунун бузулушу, анда адам уйкунун терең фазасында ойгонуп, өзүн башкарбастан түрдүү иш аракеттерди жасайт. Анын так себептери ушу күнгө чейин аныктала элек.
Сомнамбулизм нерв системасы чыңалганда, өнөкөт же курч стресс учурунда, ар дайым чарчаңкы абалда жүргөндө, эмгек жана уйку режими бузулганда, медикаментоздук препараттарды ашыкча колдонгондо, эпилепсия учурунда болушу мүмкүн.
Аны алдын алуу үчүн төмөнкүлөрду жасаса болот:
- өз убагында, толук кандуу эс алуу;
- туура тамактануу, витаминдерди ичүү;
- стресс жаратуучу кырдаалдардан оолак болуу;
- уйку алдында жайбаракат убакыт өткөрүү;
- уюлдук телефон, компьютер жана телевизордун алдында өткөргөн убакытты чектөө;
- уктоочу бөлмөнүн жарыгын өчүрүү, андан башка дагы уйкуга тоскоол боло турган себептерди жоюу.
Эгер жогоруда аталган нормалар сакталган күндө да көйгөйүңүз чечилбесе, анда неврологго кайрылып консультация алуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.