Күйөөм балалуу боло албаганыбыз үчүн мени менен сүйлөшпөй жатат
Саламатсызбы. Алдын ала рахмат айтам. Жүрөгүмдү өйүгөн маселем менен кайрылып, кеңеш сурайын дедим эле. Үйлөнгөнүбүзгө 2 жыл 2 ай болду. Биринчи балабыз 9 ай кезинде ичимен чарчап калган. Андан бери 1 жыл өттү. Врачтар бардыгы жакшы деп айтканы менен боюма бүтпөй жатат.
Жолдошум жакшы адам, бирок акыркы күндөрү чырыбыз көбөйүп кетти. Эки күндүн биринде эле уруша турган болдук.
Катуу сөз деле айтпайт. Менин суроолорума кыска-нуска жооп бергени муздак мамилеси кыйнап жиберди. Көңүлү такыр ачылбайт, мени менен сүйлөшкүсу келбейт. Канча жолу аракет кылып көрдүм. Аягы уруш менен бүтөт.
Биздин көйгөй балалуу боло албай жатканыбызда. Канткенде анын мурунку жайдары мүнөзүн кайтарып алам? Ал үчүн эмне кылышым керек?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык! Тилекке каршы, жашоодо ар дайым эле биз каалагандай боло бербейт. Күйөөңүз жана сиз оор жоготууну баштан кечириптирсиз.
Бардык үй бүлөлөрдө кризистик учурлар, жоготуулар, уруш-талаштар болот. Бул жерде алар мындай кырдаалда кандай мамиле кылышат, жана кандайча чечишет, ошол маанилүү. Эгер жубайлар чындап бири-бирин бааласа, сүйсө, сыйласа, анда кыйынчылыктар ортодогу мамилени бекемдеп, ынтымагын арттырат. Эгер мамилесинде жылуулук жок болсо, кыйынчылыктар бири-биринен алыстатат.
Албетте, үй-бүлөдө балдардын болушу абдан маанилүү. Сиз да балалуу болууга болгон аракетиңизди жасап, докутрларга көрүнүп, дарыланып жатсаңыз керек. Бирок кечке эле ушул жөнүндө ойлонуп, кайгырып, капаланып жүргөн болбойт. Үй-бүлөнү балдар гана кармап турбайт да. Жубайлардын кызыкчылыктары, жашоодогу принциптери бир болуш керек. Алар бири-бири менен бирге убакыт өткөрүп, сейилдеп, киного барып, саякаттап турушу шарт.
Ал эми жалан гана ата-энелик функциядан турган жуптардын үй-бүлөсүңдө, сезим, жылуулук жок болот. Балдар чоңоюп, ар кимиси өз ордун таап кеткенде мамиледе кризис жаралат. Бири-бири менен сүйлөшө турган сөзү жок калганы, экөөнүн ортосундагы чоң ажырым бар экенин көрсөтөт.
Ал эми канткенде анын мурунку жайдары мүнөзүн кайтара алам, деген сурооңузга бир-эки сүйлөм менен жооп берүү оор болуп жатат. Шартыңыз болсо, жок дегенде бир жолу консультацияга келип кетсеңиз жакшы болмок.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.