// //

Чалкалап жаткан атамды карап отуруп, күйөөгө тийбейм деп чечкем

2020.02.25, 15:11
7986

Жети бир тууганмын. Апам чиедей жетөөбүздү жалгыз багып чоңойтту. Атамдын биз менен иши жок, келээри кеч бөтөлкө досу менен алек. Ичип келет, апама кол көтөргөнү аз келгенсип, бизди токмоктойт. Иштебейт. Бир күн ток, он күн ачка жүрөбүз.

Ортолорубуз бир-эки жаш, апама аябай оор болду. Бирөөсү ооруп калса, экинчиси ойноп жатып башын жарып алат, үчүнчүсү кайдадыр жоголуп кетет дегендей.

Бир учур дале эсимде. Жүдөгөн, кабыргасы аркайып бирден саналган, кийимдери эски апам кир жууп отурат. Атам сарайдын жанындагы керебетте тамеки тартып чалкалап жатат. Төркү үйдө бешикте уктап жаткан кичүү иним ойгонуп ыйлап кирди. Атам “Балаңды албайсыңбы!”,- деп бакырды. Бага албагандан кийин эмне үчүн төрөгөнүн кошумчалап сөктү. Апам самын колун халатынын этегине сүртүп үйдү көздөй жөнөдү.

Ушул окуядан кийин, күйөөлөрдүн баары атамдай болот экен деп, турмушка чыкпай эле коюну чечтим. Анын үстүнө апамдын кыйналып жүргөнүн көрүп балалуу болгондон коркчумун. Бир күнү бул оюмду апама айттым. “Кой антпе”,-дейт экен десем, унчукпады, камырын жууруганды уланта берди.

Байкуш апам, киши катарына кошулуп калганда, убайыбызды көрбөй бизди таштап кетти. Катуу оооруп, бир айга чукул төшөктө жатты. Бир күнү чачын тарап жатсам, колумду кармап:

- Кызым, күйөөнүн баары атаңдай эмес.

- Апа...

- Жетөөң сөзсүз бактылуу болосуңар, болгону мен ал учурду көрбөй калат окшойм.

- Апа!

Биринчи курстан бери сезимдерин билдирип жургөн Улук деген курсташыма турмушка чыктым. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Кесарево менен төрөдүм. Кан көп кетти. Билесиңерби, ошондо күйөөм бир мүнөткө жанымдан жылбады. Чачымдан сылап, баары жакшы болоорун айтты.

Үйгө чыгып келгенден кийин, колумду сууга тийгизген жок. “Сен жатып эс ал, баланы эле эмизип берип кой”,-деп, жумушунан отпуска алып баарын өзү жасап жүрдү. Баланы жуунтат, көтөнүн тазалайт, уктап жатканда дүкөнгө памперс алганы чуркап жөнөйт, сейилдетип келет. Ага кошуп мени багат. Тамак жасайт, кир жууйт, кесарево болгон жеримди “обработка” кылат. Айтор апамдын айтканы чын болуп чыкты.

Күйөөгө тийгенден, балалуу болгондон коркчу элем. Бутуна бала терметип отурган күйөөмдү көрүп, көп балалуу болгум келди. Кечээ төртүнчү ирет наристе жытын жыттадык. Күйөөмдүн көздөрү жайнап, гүл көтөрүп палатама кирип келди. “Жакшы элесиңби? Кел, бул жемпириңди кийип алчы?”,-деп айтса, улгайган медайым эже жаныма келип, “Күйөөң азамат экен?”, -деп, далыма таптады. Апа мен бактылуумун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт