// //

Температурасы көтөрүлүп жаткан баланы дарылоо. 7 эреже

2018.11.09, 12:21
44194

1.Көпчүлүк, бала ооруп калса, демек, ал жылуу-жумшак төшөктө жатыш керек деген жаңылыш пикирде. Бул сөз эти ысып жаткан баланы ойно деп сыртка чыгарып коюуу керек дегендик эмес. Болгону анын маанайын байкагыла. Ойногусу келип жатабы, тим койгула, шалдырап, алы кетип жатабы анда тынч бөлмөгө жаткыргыла. Эч убакта күчкө салбагыла. 

2.Табити жокпу, оозуна тамак толтурбагыла. Баланын тамак ичкиси келбей жатса кыйнабагыла. Бир-эки күндөн кийин ал өзү курсагым ачты, тамак ичем деп айтат. Бирок, ошондо да, мурунку күндөрдүн нормасын толтуруп, тойгузуп салганга шашылбагыла. Болбосо ичи өтөт, же тескерисинче катып калат. Аз-аздан табити өз нормасына келет.

3.Суу бергиле. Мына эми, тескерисинче, мүмкүн болушунча күчкө салуу керек. Кандай гана суюктук болбосун көбүрөөк ичирүү зарыл. Бул чындап эле эффективдүү. Каалаган суюктук: суу, чай, компот, сок, айырмасы жок. Бала кайсынысын ичем деп жатса, чектебей бергиле. Канчалык көп суусундук ичсе ошончолук жакшы. Себеби, баланын өпкөсүндөгү какырыктар суюлуп, жөтөлү жумшарып, тезирээк сакайып кетет. Организмдеги регенерациялык процесстер тезирээк жүрөт. Сууну көп ичсе температурасы да тез түшөт. Эгер бала 2-3 саата бир жолу заара кылса демек суу жетиштүү берилип жатат дей бериңиз.

4.Үйдүн ичиндеги абанын температурасы 18-22 градустан жогору болбош керек. Бөлмөнү желдетип тургула. Бала үшүдүм десе жылуураак кийинткиле. Бирок, бөлмөнү салкын кармагыла. Кургак жана ысык аба вирустардын көбөйүүсү үчүн эң жагымдуу шарт экенин билип койгула.

5.Жогруда айтып кеттик, кийинки эреже бул ыңгайлуу кийим. Баланын кийими ага дискомфорт жаратпашы керек. Ысып жатабы, жука кийинткиле, үшүдүм дедиби, калыңыраак кийинткиле. Бул жерден так кеңеш берүү мүмкүн эмес. Өзүңөрдүн ички туюмуңарга жана баланын каалоосуна карагыла.

6.Бала мурду менен дем алышы керек. Ошондуктан, мурдун тез, тез тазалап, мала туздалган суу менен жууп туруу керек. Андан тышкары тамыр тартуучу тамчыларды (сосудосужающие капли) маал-маалы менен тамчылатып тургула.

7.Акыркы эреже, баланын дене табы көтөрүлүп, бирок, маанайы жайдары болуп турса температураны түшүрүүгө шашылбагыла. Демек, анын организми оору менен күрөшүп жатат. Ал эми бала шалдырап, кыйналып жатса, дене табын төмөндөтүүчү дарыларды бергиле. Мен, ата-энелерге болгону эки каражатты сунуштайм, бул – Парацетамол жана Ибупрофен.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт