// //

Мен жокто пол жууп, мен жокто бозо ташы, досторумдун көзүнчө уят кылып жатасың!

2020.02.19, 11:40
1567

Саламатсызбы. Азыр 25 жаштамын. 19 жашымда 20дагы балага турмушка чыккам. Баш кошкондон кийин эле достору менен ичип, керээлден кечке интернет клубда отуруп, үйдүн жанында нарды ойночу. Иштебейсиңби, десем мени жаман көрчү. Бир бөлмөдө кайын энем, кайын агам, жана күйөөм экөөбүз болуп төрт киши жашайбыз.  

Бардыгыбызды кайын энем багат. Мен ага бир аз болсо да жардам берейин деп, экөөлөп жашаган жерибиздин биринчи кабатын жууйбуз. Бозо жасап, дүкөндөргө алып барып өткөрөбүз. Күйөөм, “мен жокто пол жууп, мен жокто бозо ташы, досторумдун көзүнчө уят кылып жатасың!” – деп урушат. Боюмда болгондуктан сөз көтөрө албай, ар нерсеге ызаланып ыйлай берчү элем. Бирок мени кучактап, өпкүлөп, жакшы көрөм деп койсо эле, баарын унутуп калчумун.

Кийин кыздуу болдук. Күйөөмдү оңолуп кетээр деп үмүттөндүм. Бирок андай болгон жок. Төрөгөндөн кийин тыңып алайын деп ата-энемдикине кетсем, ошол мезгилде башка кыздар менен 15 күн көлгө эс алганы кетиптир.

Экөөбүздүн жолубуз башка окшойт, ажырашалы деп, биротоло кетип калдым. Эки күндөн кийин эле башка кыз менен кол кармашып, жетелешип жүргөнүн көрдүм. Бир четинен туура эле чечим чыгарыптырмын дедим, бирок жүрөгүм ооруду.

Эки жылдан кийин мен да турмушка чыктым. Кызымды апам алып калды. Азыркы жолдошум жакшы, көзүмдү карап турат, кызыма ай сайын акча салат, менин кызым, деп эркелетип жакшы көрөт.

Азыркы күнгө чейин биринчи күйөөмдү эстей берем. Кызын бир да жолу сурап койгон жок. Аны кантип оюман жоготом? Канткенде эстебей калам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2020, 11:41

Асель Баимбетова

Психолог

Биринчи күйөөңүз, балким биринчи сүйүүңүз да болгон. Анын үстүнө кызыңыздын да биологиялык атасы. Кызыңыз тургандан кийин ал кишини эч качан өз жашооңуздан чийип сала албайсыз. Бул сиздин өмүрүңүздүн бир бөлүгү, сиз басып өткөн жол.

Биринчи күйөөңүздү улам эстей бергениңизде эч кандай коркунуч жок. Бардык эле адамдар өздөрүнүн жашоосун анализдейт, мурунку менен кийинкини салыштырат. Кандайдыр бир жыйынтык чыгарат, тажрыйба топтойт.

Балким, сиздин ага болгон эмоционалдык байланышыңыз үзүлө элек. Балким, ага айтылбай калган таарыныч, нааразычылык, өкүнүү сезимдери сизди кое бербей жатат.

Үйдо эч ким жок, өзүңүз жалгыз болгондо, биринчи күйөөңүздү элестетип алып, ичиңизди уйгу-туйгу кылып жаткан ойлордун бардыгын айтыңыз, ыйлаңыз, урушуңуз. Бул сезимдерди баштан кечирүү өтө маанилүү. Анте албайм десениз психологго кайрылыңыз.

Акырындык менен эмоционалдык байланыш солгундай баштайт. Ал адамга болгон сүйүү, ачулануу, жек көрүү сезими жоголот. Кыйла жеңилдей түшөсүз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт