// //

Бойго бүтүрбөөчү дарыларга толук ишенсе болобу? Гинеколог жооп берет

2020.02.17, 10:11
1197

Саламатсызбы. Менин суроом төмөкүчө: бойго бүтүрбөөчү дарыларга толук ишенсе болобу? Кайсынысын тандаш керек? Кантип колдонуш керек? Дарыканадан өзүм эле сатып алсам болобу же сөзсүз докурдун уруксатын алышым керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.02.2020, 10:12

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ооба, бойго бүтүрбөөчү дарыларга ишенсе болот. Болгону төмөнкү нерселерди эске алуу керек.

Препараттарды өз алдынча дарыканадан сатып алган кооптуу. Анткени анын каршы көрсөтмөлөрү да бар.

Гинекологго көрүнүп, анализ тапшыргандан кийин, ал сиздин организмдин жана ден соолугуңуздун абалын эске алып, ошого ылайыктуу контрацепция ыкмасын тандап берет. Айкалышкан оралдык контрацептив (КОК комбинированный оральный контрацептив) бүгүнкү күндө бардык заманбап ыкмалардын ичинен эң ишенимдүү жана күтүүсүз кош бойлуулуктан коргонууда пайыздык чени жогору.

Ошондой эле мындай дарылардын кошумча “плюстары” да бар. Мисалы, жыныстык жашоо менен жашаган кыз-келиндердин ден соолугун чыңдап, иммунитетин көтөрүүгө салымын кошот.

Контрацептивдик препараттарды адатта этек киринин биринчи күнүнөн тартып иче башташат. Андан кийин күндө белгиленген схемага ылайык ичип туруу керек.

Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт