Үйдүн документин (домовой) бүтүрүү үчүн акы төлөнөбү?
Үйдүн документин (домовой) бүтүрүү үчүн акы төлөнөбү? Канча каражат керектелет? Акысыз болсо дагы акча талап кылган учур болсо, кимге кайрылыш керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги
№ 159 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкалары бар, бул шилтеме аркылуу http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/13492/10?cl=ru-ru&mode=tekst танышсаңыз болот.
Ал эми сурооңуз боюнча жооп берсем, үйдүн документтерин даярдоо үчүн сиз мамлекеттик алым төлөйсүз. Эгерде сизден кассага эмес өзүнө төлөөнү талап кылса анда сиз, ошол кызматтын жетекчисине кайрылсаңыз болот. Ар бир төлөнүп жаткан акча үчүн сизге дүмүрчөк берилүүсү шарт.