// //

Жалгыз корозумду сатып сүйгөн кызыма шоколад алып бергем

2020.02.12, 15:29
2893

Эх сүйүү, сүйүү! Сен үчүн тоокторума жаман көрүнгөм. Апамдын чыбыгын эстеген сайын жамбашым зыркырайт. 

Алтынчы класс элем. Мектептин эң тентеги мен. Эртең менен ак көйнөк кийгизип жиберген апам, түштө кара көйнөк менен тосуп алат. Апамдын чыбыгынан башка эч кимден коркпойм. Апам, “ай, балаңды кой десең боло” десе, атам “мен деле ушундай болчум, бирөөнү сүйсө токтолот”,- деп каткырып күлүп коет. “Ваай ата, сүйбөйм”, - деп керсейип сыртка чыгып кетем. Айтоор, тентек, эрке баламын.

Жамийла, Жамийла... Кайдан биздин мектепте которулуп келе калдың. Сонун жашоомду буздуң, авторитетимди түшүрдүң. Эң негизгиси сен үчүн дакен корозумдан айрылдым. Аны атам велосипедине алмашып келди эле. Бул нерсени билбедиң.

Алма алып келсем да, апамдын бапестеп өстүргөн гүлдөрүн үзүп берсем да, кошунаңдын чоң дөбөт итинен өткөрсөм да, сумкаңды көтөрсөм да жакпадым. Жаныңда айланчыктап жүрүп баарына күлкү болдум. Өзүм “красавчик” эле жигитмин. Эмнем жакпады экенин түшүнө албай койдум. Көзүңө көрүнөйүн деп жакшы окуп, концерттерге катыша баштадым. Сага арнап ыр ырдасам кол чапканга жарабадың.

“Б” класстагы Жуманды башкача карайт элең. Чындыкты мойнума алгым келген жок. Бир күнү мени да ошентип карайт деп күтүп жүрдүм. Карабадың.

14-февраль. Апаман акча сурасам бербей койду. Анткени күн мурун эле алгам. Болочок келиниңизге шоколад алам десем бермек, бирок чындыкты айткан жокмун. Көптөн бери корозума кызыгып жүргөн 11-класс Бекенге бардым. Бекен короздорду  уруштуруп акча тапкан жигит. Ошентип, 60 сомго короз кетти. Тоокторум ыйлаган боюнча калды.

Ал учурда бул чоң акча эле. Жадакалса, мугалимдерибиз жебеген шоколад алдым. Берсем курбуларың менен бөлүп жеп койдуң. Жообуңду сурадым, “жок” деп шарт бурулуп басып кеттиң.

Сүйбөгөнгө сүйкөнбөй эле коеюн дедим. Мурда сени күнөөлөчүмүн. Бирок сен мага эч нерсе убада берген эмессиң. Өзүмдүн күтүүлөрүмдү сага артып койгонум үчүн уялдым. Тескерисинче сага рахмат. Сен үчүн жакшы окуп баштадым. Сен мени адам кылдың. Атамдын айтканы чын экен.

Эскертүү! Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт