Күйөөм башка кыздар менен сүйлөшөт экен. Эмне кылышты билбей турам
Күйөөм менен кыз-жигит болуп бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Үй-бүлө болуп жашап жатканыбызга бир жылдан ашты. Эки айдан кийин көз жарам.
Мени капа кылган күйөөм болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен ортобуздагы сезимдерибиз өчүп, бири-бирибизди түшүнүү орлоп баратат. Бойдок достору менен көчөдө көп жүрөт, үйгө кеч келет.
Жакында бир кыз менен телефондон сүйлөшүп жүргөнүн билип калдым. Экөө жолугушуп да жүрүшкөн экен. Өзүнө айтсам мойнуна албай койду.
Тиги кызга жазсам, күйөөң мага өзү жазат, телефон чалат, кыйын болсоң күйөөңдү башкарып албайсыңбы, деди.
Эмне кылышты билбей турам. Күйөөмдү жоготкум келбейт. Аны катуу сүйөм. Мамилебизди кайрадан оңдоп алгым келет.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатсызбы!
Сиз азыр кош бойлуусуз. Сиз үчүн башкысы, өзүңүзгө жана курсактагы балага кам көрүү.
Күйөөңүздү көзөмөлгө алып, анын баскан-турганын контролдой албайсыз. Ал чоң киши, ошондуктан өзү үчүн өзү жооп берет. Анын жүрум-турумунда сиздин эч кандай күнөөңүз жок.
Күйөөңүз ал кыз менен кандай максатта жолугуп жатаканын билбейм. Бирок экөөңөрдүн ортоңордо көйгөй пайда болсо, аны экөөңөр гана чечүүгө милдеттүүсүңөр.
Сиз ал кызга жазгандан кийин, ал өз жолуна түшүп, жолдошуңузду жайына койду дейли. Бирок, муну менен маселе чечилип калбайт да. Күйөөңүз кааласа жаңысын таап алат. Сиз ар бирине телефон чалып, айтып жүрөсүзбү?
Андан тышкары кош бойлуу келиндер гормондордун таасири менен ашыкча кызганчаак, тарынчаак, сезимтал, ызакор болуп калышат. Бул фактыны да эске алып коюңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз! Бактылуу болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.