Келинимди тим койсом маанайы көтөрүлүп, күлкүсү чыга баштады
Туз канча салдың, кыямды азыраак куйдуңбу, эшикти жаптыңбы, терезени сүрттүңбү ж.б. Ар бир кадамын көзөмөлдөйм. Жасап жатса да эмне кылыш керек экенин айтам.
Келиним сабырдуу. Жумуш дайындасам, “мм” деген эле үн чыгат. Унчукпай айткандарымды аткарып жүрө берет. Айтмайын жасабаган келин окшойт деп ойлобогула. Баарын айттырбай өзү кылат. Болгону мен кийлигише берем. Эртең менен тура калып эле, “муну кыл” дейм. Сыртка чыгып баратса, “кайда”, деп сурайм, эми бул иштин бүткөнү да.
Өзүмдүн үч кайын эжем бар. Өткөндө бирөөсү каза болуп, айылга бардык. Ал жакта төрт күн болдук. Төртүнчү күнү үйүмө качтым. Эмнеге дебейсиңерби? Улуу кайын эжем менин, мен келинимдин ролунда болдум. Ошондо баарын түшүндүм.
Эмне гана кылбайын кайын эжем жанымда жүрдү. “Иий, ал, эми тиги жерге кой, үстүн жап, калганын ыргыт”, ал айтпаса деле жасай турган иштер. Бирок, ар бир кадамымды көзөмөлдөйт. Кысылып кеттим. Ой тобоо, чайникке суу куюп жатсам, “ашырбай куй” дейт. Эми аны мен деле билем. Капыстан келиним эсиме түштү. Кантип мага чыдап жүрдү экен?
Жол. Күйөөм рулда. Сыртты карап ойлонуп баратам. Качантан бери ар нерсеге мурдумду тыкчу болдум? “Таак”, балдарым чоңоюп уядан учту. “Апалап” аркаман чуркаган киши жок. Күйөөм келээри-кеч жумушта. Пенсияга чыгып, үйгө отургандан бери эч кимге керегим жоктой сезилди. Эми баарын түшүндүм. Мен табиятымдан жөн тура албаган аялмын. Мага жумуш керек. Энергиямды кайда коротушту билбей, ар нерсеге кийлигише берипмин.
Бир курбум салонуна администратор издеп жатканын айтты эле. “Жумуш жеңил, жөн отура бербей келип иштеп акча тап” дегенинен, кол шилтеп койгом. Дароо чалдым. Үй-бүлөмө бул тууралуу кабарладым. “Өзүңүз билиңиз, кыйналып калбасаңыз болду” дешти.
Жумушка чыккандан бери кадимкидей ачылдым. Ар кандай адамдар менен сүйлөшөм, жаңы нерселерди үйрөнөм, үйдөгүлөрүмдүн тынчын албайм, айлыгымды өзүмө коротом дегендей. Эң негизгиси келинимди жайына койдум. Көрсө, менсиз эле баарын жайгарып коет экен. “Апа, мындай кылсак кандай болот”, - деп кеңешип үнү чыгып калды. Эң негизгиси, быдылдап ар нерсени сүйлөп, күлүп жатканын көрүп ичимен сүйүнөм. Мен жайына койгондон бери кере-кере дем алып, баскан-турганы эркин болуп калды.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты
Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим
Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады
Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү
Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды
Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди