Иним ата-энемди кыйнап бүттү. Эмне кылыш керек? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Биздин үй-бүлөбүздүн көйгөйү – бул иним. Жашы 20га келип калды. Эртеден кечке көчөдө эле жүрөт. Кошуналардан сураштырсак, компьютер клубда керели-кечке ойноп отурат экен. Каякта жүрөсүң - деп сурасак, “ишиңер болбосун, өзүм билем” деп жооп берет.
Досторунан кем калбасын деп жакшы телефон алып бергенбиз. Аны да улам күрөөканага өткөрүп салат. Кайра келип алып, апамды телефонду чыгарып бер, деп кыйнайт.
Ата-энемди азапка салып бүттү. Алдап да көрдүк, урушуп да айттык, жыйынтык жок. Эмне кылышты билбей калдык. Кантим иниме жардам берсек болот?
Мария Самсонова
Психолог
Сиздин иниңиз – бой жеткен, өзүнө-өзү жооп бере турган чоң киши. Бир күн кечке көчөдө жүрөт деп жазганыңызга караганда, эч жерде окубайт жана иштебейт.
Ага телефон сатып, берип, кайра күрөөканадан чыгарып берип, анын жоопкерчиликсиздигин, чоңойгусу келбегендигин колдоп, андан ары да ушу бойдон кала беришине шарт түзүп берип жаткандайсыз.
Иниңизге өзүнүн жүрум-турумуна өзү толугу менен жооп бере тургандай кырдаал жаратышыңар керек. Ар бир кадамынын натыйжасын өзү тартсын. Телефонун өткөрүп салдыбы – өзүң акчасын төлөп чыгарып ал, чыгарып алганга акчаң жокпу – барып иште, иштегин келбейби – анда телефону жок отур.
Силер канчалык деңгээлде ага сарысанаа болуп, көйгөйүн чечип, калкалаган сайын, анын адам катары жетилүүсүнө бөгөт коюп жатасыңар.
Иниңизге жардам бергиңер келсе, сиз жана ата-энеңиз өзүңүздөн баштагыла. Аны кичинекей бала катары эмес, чоң киши катары кабыл алып, аны менен эсептешкиле.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.