// //

Телефонум чырылдаса дароо аялымды карайм

2020.01.26, 14:09
3093

Тамадамын. Айылдагы тойлор менсиз өтпөйт. Күз айлары үйгө түнөбөй калам.  Түнкүсүн акырын үйгө кирип, алып келген эт, боорсокторумду столго коем. Керебетке бутумдун учу менен басып барам. Кокус аялымды ойготуп алсам бүттү. Таң аткыча сурак берем. Кызганчаагым десе. Баары бир сүйөм.

Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Туулган күнүндө колун сурагам. Апам келиндүү болоорун укканда аябай сүйүнгөн. Катып жүргөн ак жоолугун салып жатканда, байкатпай көз жашымды аарчып койгом.

Апам менен аялым эң жакын курбулар. Кээде экөөлөп мага “атака” кылганда кирерге жер таппай калам. “Апа, сиз менен апамсызго, келиниңизге кошулбай аяп койсоңуз боло”” десем, “аябайм-этпейм эле, айт бол, түнгө дейре кайра жүрдүң” деп кубалайт. Ооба, кээде той эрте бүткөнү менен досторго жолугуп, көпкө сүйлөшүп отуруп калчумун. Муну экөө жакшы билет. Айла жок күнөөмдү моюнга алып, кечирим сурайм.

Сезондо телефонумдун үнү басылбайт. Көбүнчө “тойду канчага алып барасың” деп эжелер чалат. Аялым алырдын үнүн угуп калса кызганат. Телефонум чырылдаса ала элек жатып дароо аялымды карайм. Ал дагы мени карап турган болот. Анан экөөбүз каткырып күлөбүз.

Кээ бир тааныш байкелер, “сен эмне аялыңа отчет бересиң, кызганса ордуна коюп кой” дешет. Антпейм. Аялыма отчет бербегенде кимге берем. Үйүмдөгү жылуулукту сактап, келсем күлүп-жайнап тосуп алып, мотурайган бала төрөп берип, амандыгымды тилеп отурган алар эмес, келинчегим. Анан мен аны угушум керекпи же бир айда бир көргөн кишилердиби?

Эмне болду деп чалат, уктабай күтүп отурат, кээде ачуусу келгенде урушат, кызганат. Мен баарын түшүнөм жана ага акырын түшүндүргөнгө аракет кылам. Бакырып уруш чыгарып көңүлүн оорутканым туура болбойт. Мен деген эркекмин, күйөөмүн. Аялымды өзгөрткүм келбейт. Ооба, кызганчаактык жайы бар. Бирок, мен аны ушундай турган-турпаты менен сүйгөм. Ошон үчүн биз үй-бүлөбүз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт