// //

Жакын курбума вагинизм деген диагноз коюшуптур. Андан айыкса болобу?

2020.01.23, 17:52
2345

Саламатсызбы. Вагинизм оорусунан айыкса болобу? Жакын курбума ушундай диагноз коюшуптур. Ыйлап жатат, эми күйөөм менен ажырашамбы деп. Андан айыкса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.01.2020, 17:54

Наталья Ивахник

Сексолог, психотерапевт

Саламатчылык.

Вагинизм – бул сексуалдык жашоодогу психологиялык кыйынчылыктар, жыныстык катнаш учурундагы оорутуу жана жамбаш сөөк булчуңдарынын карышып калышы. Булчуңдардын жыйрылып кайра жазылуусун аял киши контролдой албайт. Натыйжасында, жуптардын кошулуусу мүмкүн болбой калат.

Вагинизмге психологиялык травмалар себеп болушу мүмкүн. Мисалы: физикалык, эмоционалдык же сексуалдык зордук зомбулук. Же катуу тарбия алуусу. Мисалы кызга кенедей кезинен эркектердин бардыгы жаман, душман катары көрсөтүлүп, аны менен жакындыкка баруу бул күнөө, кылмыш – деп үйрөтүлгөн.

Ошондой эле, жыныстык өнөктөшүнүн орой мамилеси, же болбосо биринчи жолку кошулуусунун ийгиликсиз болушу да аялдын аң сезимине терс таасирин тийгизет.

Вагинизм менен кантип күрөшүү керек?

  1. Өзүңүздүн мырзага, жыныстык өнөктөшүңүзгө ишеним артууга үйрөнүңүз.
  2. Секске болгон негативдүү көз карашты өзгөртүүгө аракет кылыңыз.
  3. Кегель көнүгүүлөрүн жасаңыз.
  4. Сексологго кайрылып, консультация алыңыз.

Ийгилик!

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кегель көнүгүүлөрү жөнүндө бул жактан окусаңыз болот:

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнүгүүсү

Кегель көнүгүүлөр 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнугүү

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт