// //

Аялыңардын бышырган тамагын мактабасаңар, мага окшоп туздуу шорпо ичип каласыңар

2020.01.10, 15:34
2528

Досторумдун баары мени көрө албайт. Себеби үйдөн ресторандан кем эмес тамактанаарымды билишет. Аялым күн сайын түрлөп тамак жасайт дейсиңер, жытын сезгенде эле шилекейиң ага баштайт. Кошуналар түн ортосу болсо да келип рецептерин сурап кетишет. Өзү ойлоп чыгарган тамактары да бар.

Кулинария китебин жазсаң болчудай деп көп айтам. Анан да ушундай келиниме көз тийбесе экен деп корком.

Акыркы күндөрү бышырган тамактары даамсыз боло баштады. Кээде эки-үч күн катары менен бир тамакты жылытып берип коет. Түрлөп да жасабай калды. Кечээ жумуштан ачка болуп чыктым, үйгө жеткиче шаштым кетти. Эмне жасады болду экен деп күтүп отурдум. Алдыма шорпо алып келди. Шашып чынысы менен көтөрүп жутуп ийдим эле, көзүм чакчая түштү. Тузу ушунчалык өтүп кетиптир! Аялым бейкапар чай ичип отурду.

Кызык, эмне үчүн аялым мурункудай түрлөп даамдуу тамак жасабай калды? Бул суроого жооп издей баштадым. Көрсө, күнөө менде экен.

“Ммм, сонун жыттанат го”, “Сенин тамагыңдын жанында ресторандыкы бул жакта эле калат”, “Мына, самсы деген ушундай болот”, “Колуңа береке алтыным, курсагым тимеле кампайып калды”, “Дагы барбы?”, “Мага көп эле салчы, канча жесем да тойбой тургандаймын”  ж.б. Күн сайын бышырган тамагын ооз тийээрден мурун бир мактап, бетинен өөп ыраазычылыгымды билдирчүмүн. Бара-бара анын тамак жасоосун бир милдет катары көрүп, жылуу сөз айтканымды азайта баштадым, кийин унчукпай ичип алып туруп кетчү болдум.

Ыраматылык атамдын айткан бир сөзү эсиме түштү: “Күйөөсү аялы бышырган тамакты мактабаса, кийин туздуу шорпо ичип калат. Мээнети бааланбаганын көргөн аялдын эргүүсү качат, баарына кайдыгер боло баштайт. Кеп тамак жөнүндө гана эмес. ”

Күйүп жаткан отко канчалык көп отун ыргытсаңар, анын айланасы ошончолук жылуу болот. Мамиледе канчалык көп көңүл буруу жана сый-урмат болсо, ал ошончолук ысык болот. Мен муну тузу өтүп кеткен шорпо ичкенден кийин түшүндүм. Көрсө, баары өзүбүздөн көз каранды турбайбы.

“Мм, мынча даамдуу, рахмат алтыным!” Аялымдын көзү жайнай түштү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт