// //

Интернетке сын жазуудан мурда буларды билип алыңыз

2018.11.01, 13:00
24230

Абайлап жүрбөсөңүз пост, репост же комментарий үчүн түрмөгө түшүп калышыңыз мүмкүн!

Борбор Азиядагы Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар боюнча мектептин директору Инга Сикорская  социалдык тармактарда өзүн кантип алып жүрүү керектигин айтып берет.  

Тукуруучулар (провокатор) курмандыгы - билимсиз колдонуучулар

Мыйзамга туура келбеген кастык тил бар. Бирок, ар бир адамда сөз эркиндиги да бар. Андыктан, социалдык тармактагы пикирлер жагымсыз, ал тургай, жаман болсо да радикалдуу дегенди билдирбейт. Себеби, көп колдонуучулар  комментарийлерди драмалаштырып жиберет, же тескерисинче, башкаларды кемсинтип, орой мамиле жасашат.

Мындай билдирүүлөр жашоого зыянын тийгизет:

Зордук-зомбулукка алып келүүчү радикалдуу билдирүүлөрдүн, канчалык коркунучтуу экенин  атайын экспертиза аныктайт. Себеби, билдирүү ачык эле ксенофобиялык же рассалык мүнөздө болушу мүмкүн. Катардагы пайдалануучуларга коркунучту же радикалдуулукту аныктоо кыйынга турат.

Тукуруучулар билимсиз, жакшы менен жаманды ылгай албаган интернет колдонуучуга мыйзамсыз аракеттерди жасатып, жоопко тарттырып коюшу мүмкүн.

Радикалдуу пост көргөндө эмне кылуу керек?

Биринчиден, жаңы медиа маданиятты жана тармактык этиканын сактаңыз. Кайсы жерде негативдүү пикир, мазмуну мыйзамсыз экенин түшүнүү зарыл. Негативдүү пикир дагы сөз эркиндиги жөнүндө мыйзамдар менен корголгон.

Пост мыйзамсыз болсо, колдоо көрсөтүү кызматына барактын скриншотун жөнөтүп, таркатылып жаткан ресурстун администраторлоруна нааразычылыгыңарды билдириңиз. Күч колдоно турганын айтып коркутса, укук коргоо органдарына кабарлаңыз. 

Экинчиден, ар бир активдүү колдонуучу интернеттеги түрдүү топторго кирип жатканда ички туюмдарына ишениши керек.

Чагымчылды ачыкка чыгарып, анын ким экенин көрсөтүңүз!

Троллингге күбө болгондордон колдоо издеңиз. Чагымчыл комментарийлерди кабыл албай, бөгөт коюп, көрмөксөн болуп, өчүрүп салыңыз. Билимдүүлөр мындай маселелерди өздөрү эле жөнгө салып коёт.

Сын жазуудан мурун буларды эске алыңыз:

  • Интернет бул - коомдук мейкиндик жана билдирүүлөр анонимдүү болгону менен ачык экенин унутпаңыз.
  • Айтып жана жазып жаткандарыңыз үчүн жоопкерчилик алууга даяр болуңуз.

  • Тыным жасап, кесепеттери тууралуу ойлонуңуз. Эмне үчүн муну кылып жатасыз, чыныгы максаты кандай, так-даана билишиңиз керек.

Аброюңузга шек келтирген комментарий алсаңыз жооп бербей эле коюңуз. Тукуруучулар атайылап сизди кепке тартууга аракет кылышы мүмкүн. Болбой эле, мезгил - мезгили менен кайталанып жатса жогорудагы пунктту караңыз: "Радикалдуу пост көргөндө эмне кылуу керек?"

Социалдык тармактарда буларды бөлүшкөнгө болбойт!

Пост же комментарий экстремисттик, элдин кайсы бир тобун басмырлайт деп ойлосоңуз, анда ал чынында эле ошондой, туюмдарыңызга ишениңиз. Кыргызстанда тыюу салынган тизмеге кирген материалдарды интернетке киргизип, жарыялаганга болбойт. 

Кимдер жоопко тартылат:

  • терроризм жана экстремизмге үндөгөндөр
  • террорчул жана экстремисттик аракеттерди жасагандар
  • улуттук (этникалык), расалык, диний же аймактар ​​аралык жек көрүүчүлүктү козуткандар.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, далилдери бар конкреттүү чакырыктар каралат. Муну атайын экспертиза аныктайт. 

Өткөн жумада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Whatsapp аркылуу чагымчыл видеолорду тараткан 29 жаштагы жаранды кармады. Ал мессенджерге 100дөн ашык адамдан турган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козуткан видео роликтерди жүктөп турган. 2010-жылы тартылган видео роликтерден өзбек улутундагы адамдар кыргыздарды сабап жатканын жана кыргыздар өзбек улутундагы адамдардан 2010-жылдагы окуялар үчүн кечирим суратканын көрүүгө болот. Эми колго түшкөн жаран Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча жоопко тартылат.

Бул шилтемедеги маалыматтар сиз үчүн пайдалуу болот:

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт