Бир жигит мени менен жатпасаң туугандарыңа уят кылам деди. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен бир бала менен сүйлөшөт элем, азыр сүйлөшпөйм. "Ал мени менен жатасың же болбосо туугандарына уят кылам" деп жатат. Туугандарымдын номерин да таап алыптыр. Кайдан алганын билбейм. Эмне кылсам болот?
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Шантаж кылмыш болуп эсептелинет. Бир адам өзүнө пайда алуу максатында экинчи адамга тиешелүү маалыматты, белгилүү бир аракеттерди аткарбасаң жүзөгө ашырам деп опузалайт.
Шантаж аркылуу:
- адам сатуу;
- кул кылуу;
- сексуалдык жака үндөө;
- эмгекке пайдалануу;
- акча талап кылуу;
- кандайдыр бир келишимге кол коюу;
- туура эмес көрсөтмө берүү жана башка аракеттер көрүлөт.
Шантажга кабылган адам эмне кылышы керек?
- паникага алдырбашы керек;
- шантаж кылып жаткан адам менен келишимге барбаш керек;
- күч органдарына кайрылуу керек.
Эгер шантажга кабылган адамдын маалыматы чындык болсо, жакындарына ачыгын айтуу керек. Ошондо адам маалыматты өзү каалагандай туура жеткирип берет. Шантаж кылып жаткан адам үчүн бул пайдасыз маалымат болуп калышы мүмкүн.
Менин сизге кеңешим, эч качан анын каалоосуна макул болбоңуз, эгер ал өз максатына жетсе, ал сизди мындан да көбүрөөк коркутат. Бул окуя боюнча сиз жакын туугандарыңызга өзүңүз айтыңыз жана коркпоңуз.
Зомбулукка кабылсаңыз же дуушар болсоңуз, дароо жардам берүү кызматтарына кайрылыңыз!
Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору |
|
Бишкек ш. ШИИБи |
(0312) 43-71-75 |
Чүй облусунун ИИБи |
(0312) 43-88-85 |
Ош облусунун ИИБи |
(03222) 5-59-10 |
Талас облусунун ИИБи |
(03422) 5-29-98 |
Ысык-Көл облусунун ИИБи |
(03922) 5-24-14 |
Жалал-Абад облусунун ИИБи |
(03722) 5-66-66 |
Нарын облусунун ИИБи |
(03522) 5-09-21 |
Баткен облусунун ИИБи |
(03622) 5-0015 |
КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү |
(0312) 66-23-31 |
КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы |
(0312) 26-62-97 |
КРнын ИИМнин ишеним телефону |
(0312) 26-64-18 |
Кризистик борборлордун телефондору |
|
«Шанс» КБ, Бишкек ш. |
(0709) 71-03-20 |
«Сезим» КБ, Бишкек ш. |
(0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66 |
«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш. |
(0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76 +996 (3222) 2 97 57 |
«Аруулан» КБ, Ош ш. |
(0776) 38-07-77, (03222) 5-56-08, |
«Мээрбан» КБ, Ош ш. |
(0559) 49-20-07 |
«Акылкарачач» КБ, Алай району |
(0555) 28-14-23, +996 (03234) 2 60 33 , 2 61 31 |
Гүлчө айылы |
(0776) 28-14-23 |
«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш. |
(0777) 39-30-77, +996 (03622) 2 20 27 |
«Маана» КБ, Талас ш. |
(0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85 |
«Теңдеш» КБ, Нарын ш. |
(03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90 |
«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш. |
(0772) 32-89-60 |
«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата шаары |
+996 (03943) 4 41 37 |
«Даршайым» КБ, Бишкек ш. |
+996 (0312) 64 93 50 |
Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору |
|
Коомдук тартипти коргоо кызматы КРнын ИИМи |
102 |
Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору |
(0312) 54 29 34, (0312) 44 25 10 |
Балдар үчүн ишеним телефону « 112-системасы» |
111 112 |
КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш телефону (жумуш убактыларында) |
115 |