Жигитим тамак жасай албай кыйналып кеттим, чогуу жашайлычы деп жатат
Саламатсызбы! Суранам, мага жардам бериңизчи. 18 жаштамын. Москвада апам менен чогуу иштейм. Мындан 7 ай мурун Кыргызстандан бир жигит менен таанышып калдым. Кийин мен Москвага келе бердим, ал бала менен телефон аркылуу 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк.
Өзү бажы кызматкери болчу. Жакында жумушун таштап артыман келди. Апам ал бала менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билет, бирок экөө бири-бирин тааныбайт, көрүшө элек. Жигитим, "чогуу жашайлы, тамак кыла албай кыйналып жатам, мени менен турсаң тамак жасап берет элең" деди.
Апама жигитим менен жашайм деп кантип айтсам болот? Апама айтсам жана жигитим экөөбүз бирге турсак туура деп ойлойсузбу? Кеңеш бериңизчи.
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум! Сиз азыр 18 жашта экенсиз жана өз тагдырыңызды чечип жатасыз. Шашпай баарын ойлонуп чыгуу керек.
Алгач жигитиңизге суроо: жумушун кантип бат эле таштады, Москвага келди, кайсы жерде иштеп жатат, кандай батирди ижарага алууда, канча жашта, үй-бүлөсү кандай ж.б. Адамдын ар бири аракети аны мүнөздөйт, көп нерсени билдирет. Ал жууп-тазалагандан, тамак жасоодон чарчаганы үчүн сизге чогуу жашоону сунуштап жатат. Эмне үчүн сизди сүйөөрүн жана сизсиз жашай албай турганы тууралуу кеп козгобойт? Болгону 18десиз. Анан да бекер үй кызматкери жана ашпозчу болуунун кереги жок.
Эми сизге суроо: аны менен ким катары жашайсыз: ойношу, колуктусу, үй кызматкери, ашпозчусу ж.б. Эгер баары олуттуу болсо, жигитиңиз апаңыз менен тааншып, өзүнүн чечимин түшүндүрүп, анын тынчтыгы үчүн сиздин коопсуздугуңузга кепилдик бериши керек.
Эгер аны менен жашай турган болсоңуз, андан ары эмне болот? Жумуш, окуу, күйөөгө тийүү ...? Кокустан боюңузга бүтүп калсачы?
Сиз анын каалоолорун аткарып, жашоосун жеңилдетүүгө аракет кылып эмес, өз тагдырыңызды чечип жатасыз.
Апаңыз менен сүйлөшүп, сиз үчүн кандай жакшы болоорун чечкиле. Баары өз колуңузда!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Сиз али жаш кыз экенсиз, бугунку чечиминиз менен эртенки куну кайгырбай турган болунуз. Терен ойлонуу менен кадам таштаныз. Сиздин жашоонуз баары алдыда! Бугун суйом деп келген жигитиниз оз жумушун таштап сизге келгендей эле эртен бироогу коруп калса кетип калбайт деген кепилдик жок!