// //

Шэрон Стоун: Сулуулук түрдүү, айрымдар роза гүлдөй сулуу, башкалары кактустай

2020.01.03, 15:10
2215

Шэрон Стоун Голливуд жылдыздарынын ичинде IQ деңгээли эң жогорку актриса катары таанымал. Анын акылы, таамай ошол эле учурда тамаша аралаш айтылган сөздөрү көпчүлүктү таң калдырат.

Башкасын айтпаса да, заманбап жашоодогу аялдын орду, анын сулуулугу, үй-бүлөсү, эркек менен болгон мамилеси, карылык жөнүндө кеп козгогондо астына киши салдырбайт.

Bilesinbi.kg атактуу актрисанын мыкты цитаталары менен бөлүштү.

  • Ар бир жылдыздын ал атактуу болгонго чейинки достору болууга тийиш. Аны ордуна кое турган жана чынында ким экенин эскертип турган бирөө жарым болуш керек. Анткени, канчалык укмуш жылдыз болбосун – ал бул дүйнөдөгү башка адамдар сыяктуу эле кадимки киши.
  • Аял өзүнүн баркын, наркын билүүгө тийиш, бирок чыныгы баасын эч кимге айтуунун кереги жок.
  • Мурда “скандал” чыгаруу үчүн атактуу инсан болушу керек болчу, ал эми азыр, атактуу болгуң келсе сөзсүз “скандал” чыгарышын керек болуп калды.
  • Өмүр бою өзүңө жакпаган адамдын жанында болгондон көрө, жалгыздыкты артык көрөм.
  • Буддист болгондон бери уят дегенди адам өзү ойлоп тапканын түшүндүм. Табиятта уят деген түшүнүк жок. Бул адамдарды манипуляциялоо, башкаруу үчүн ойлоп табылган курал.
  • Бул жашоодо кандайча чалынып жыгылганың маанилүү эмес. Кайра кантип бутуңа туруп, баш көтөрөсүң, ошол маанилүү.
  • Адамдар өзгөргөндөн коркушат. Анткени, бир нерсе жоготуп алам деп кооптонушат. Чынында, алар канчалык көп нерсе таба турганын билишпейт.
  • Гүл берип, ресторанга чакырып, көңүлүмдү алса болот. Мага джентльмен мырзалар жагат. Бирок менин акылыма, интеллектиме маани бербегени өкүндүрөт. Биринчи кезекте шеригимден мени сыйлоосун күтөм, өзүм да аны сыйлагым келет.
  • Мен жумшак жана назик боло алам. Бирок бул кызыксыз. Жумшак жана назик болуу аялдын жашоосундагы башкы максат эмес. Мен өзүм менен да мени курчаган адамдар менен да чынчыл болууга аракет кылам. Бул бардыгына жага бербейт.
  • Эгер акылдуу болсоң демек сен сулуу аялсың. Болгону сулуулук түрдүү болот. Айрымдар роза гүлдөй сулуу, башкалары кактустай сулуу.
  • Чыныгы бактылуу айым ар дайым сулуу болот. Ал башка адамдарга, аялдарга жакшы мамиле кылат, боорукер болот. Анын жүрөгүндө атаандаштык, ичитардык, көралбастык сезимдери үчүн орун жок.
  • Эң кымбат косметика да аялды сулуу кыла албайт. Айымдарды сулуу кылган бул күчтүү сезимдер, кызыктуу өмүр, жашоосундагы төмөн түшүү жана бийиктикке көтөрүлүүлөр.

Дагы кызыктуу цитаталар:

Моника Беллуччи: Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн
Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүмдү өбүү үчун керек экенин кийин түшүндүм

Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратысың

Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга рагасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин

Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт