// //

Толгоону күтпөй эле кесарево менен төрөсө болобу? Гинекологдун жообу

2019.12.27, 16:52
2202

Саламатсызбы. Мага гинекологдун кеңеши керек. Жашым 38де, кош бойлуулугумдун мөөнөтү 37 жума болуп калды. Толгоону күтпөй эле кесарево аркылуу төрөсөм болобу? Аябай кыйналып кеттим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.12.2019, 16:58

Бактыкан Молдосалиева

Эне жана бала борборунун Төрөт бөлүмүнүн адиси, акушер-гинеколог

Жок, медициналык көрсөтмөсүз эч качан кесердик кесүү жасалбайт.

Кесердик кесүү – бул олутту хирургиялык кийлигишүү, ошондуктан кадимки төрөткө караганда жеңил деп айтуу - жаңылыштык. Операция учурунда көптөгөн тобокелчиликтерге баруу керек. Кесердик кесүү керек деген  чечим, кадимки төрөт мүмкүн эмес, эне же баланын өмүрүнө коркунуч туудурган учурда гана кабыл алынат.

Андай учурлар медициналык протокол жактан так аныкталган жана чектелген.

Эне тараптан кесердик кесүүгө көрсөтмөлөр:

  • Анатомиялык жактан жамбаш сөөгүнүн кууш болушу, башкача айтканда бала жамбаш сөөк аркылуу өтө албаганда.
  • Клиникалык жактан жамбаш сөөктүн кууш болушу, конкреттүү бала конкреттүү эне үчүн өтө чоң болгон учур.
  • Бала чыга турган жолдо тондун (плацента) туруп калышы
  • Жамбаш сөөктөн жана жүлүндөн жаракат алуу (травма) ж.б.
  • Башка органдардын патологиялары, жүрөк кан тамыр системасынын оорулары, көрүү органдарынын оорулары ж.б.

Бала тараптан кесердик кесүүгө көрсөтмөлөр:

  • Курсактагы баланын кыйналышы, анын өмүрүнө коркунучтун пайда болуусу
  • Туура эмес жайгашуусу, ж.б.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Бул жактан дагы окусаңыз болот:

Кесарево аркылуу төрөө. 17 суроого акушер-гинекологдон жооп

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт