Толгоону күтпөй эле кесарево менен төрөсө болобу? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. Мага гинекологдун кеңеши керек. Жашым 38де, кош бойлуулугумдун мөөнөтү 37 жума болуп калды. Толгоону күтпөй эле кесарево аркылуу төрөсөм болобу? Аябай кыйналып кеттим.
Бактыкан Молдосалиева
Эне жана бала борборунун Төрөт бөлүмүнүн адиси, акушер-гинеколог
Жок, медициналык көрсөтмөсүз эч качан кесердик кесүү жасалбайт.
Кесердик кесүү – бул олутту хирургиялык кийлигишүү, ошондуктан кадимки төрөткө караганда жеңил деп айтуу - жаңылыштык. Операция учурунда көптөгөн тобокелчиликтерге баруу керек. Кесердик кесүү керек деген чечим, кадимки төрөт мүмкүн эмес, эне же баланын өмүрүнө коркунуч туудурган учурда гана кабыл алынат.
Андай учурлар медициналык протокол жактан так аныкталган жана чектелген.
Эне тараптан кесердик кесүүгө көрсөтмөлөр:
- Анатомиялык жактан жамбаш сөөгүнүн кууш болушу, башкача айтканда бала жамбаш сөөк аркылуу өтө албаганда.
- Клиникалык жактан жамбаш сөөктүн кууш болушу, конкреттүү бала конкреттүү эне үчүн өтө чоң болгон учур.
- Бала чыга турган жолдо тондун (плацента) туруп калышы
- Жамбаш сөөктөн жана жүлүндөн жаракат алуу (травма) ж.б.
- Башка органдардын патологиялары, жүрөк кан тамыр системасынын оорулары, көрүү органдарынын оорулары ж.б.
Бала тараптан кесердик кесүүгө көрсөтмөлөр:
- Курсактагы баланын кыйналышы, анын өмүрүнө коркунучтун пайда болуусу
- Туура эмес жайгашуусу, ж.б.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Бул жактан дагы окусаңыз болот:
Кесарево аркылуу төрөө. 17 суроого акушер-гинекологдон жооп
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.