// //

Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

2019.12.26, 17:38
1950

Үйдө отурган аялдардын көбүнө “Эмне үчүн мен жасаган жумуш бааланбайт?” деген суроо оюна келсе керек. Мен бир күндө ушунча иш бүтүрөм, бирок анын баш аягы жок, натыйжасы көрүнбөйт.  

Психолог Мария Самсонова үй жумуштарынын баркын көтөрө турган бир нече кенештерин берди.

Эмпатиянын жок болушу

Эмпатия – сезим, боор оору, башка бирөөнүн абалын түшүнүү менен кабыл алуу.

Адамдар ар кандай болот. Айрымдар айттырбай эле түшүнүшсө башкаларына майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп, чайнап берүү зарыл. Үй-бүлө мүчөлөрүңөр эмпатиясы аз адамдар болсо, аларга өзүңүз тууралуу эскертип туруңуз.

Башкалардын аракетин жактырбоо

Үй бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн милдетин эң оор, баарынан татаал, деп эсептейт. Анткени ал өз иши тууралуу башкаларга караганда жакшы билет. Ошондуктан тегеректегилердин аракетин байкабайт. Мисалы: күйөөңүз базардан азык-түлүк сатып келди, а сиз “туура эмес картошка сатып алыптыр” – деп, же аялыңыз аракет кылып тамак жасаса, "тузу кем же супсак экен" - деп нааразы болосуңар. Кайын энеңер балага тамак берип жатса, кесмесин эмес этин берип салды, же такыр эле тамакты туура эмес берип жатканын байкайсыз. Балаңыз (кызыңыз) жардам берем деп, чыныны сындырып алат же чайды төгүп алат. 

Мындайда сизди курчаган адамдарда, сизге эч нерсе жана эч ким жакпагандай сезими калат. Мурчуюп, кабагы ачылбаган кишиге эч кимдин жардам бергиси да келбейт.

Милдеттин баарын өзүнө жүктөп алуу

Үй-бүлөлүк милдеттерди эркектики жана аялдыкы деп бөлгөн болбойт. Физиологиялык милдеттерди эске албаганда (маселен бала төрөө же эмизүү).

Аял канчалык көп милдетти өзүнө жүктөп алса, ошончолук ага болгон сый азаят. Анын жасаган иштерин ыраазычылык менен кабыл алынбай, түздөн-түз милдети катары кабыл алынат. Ошондуктан айрым жумуштарды үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырганды үйрөнгүлө. Бардыгына тытынып, өзүм дей берген туура эмес.

Башканын эмгегин баалай билүү

Эмгегиңиздин баалашын кааласаңыз, алгач башканын эмгегине баа бергенди үйрөнгүлө. Мейли алар сизге караганда азыраак иш бүтүргөн болсун. Ошентсе да мактоого татыктуу да, туурабы? Мактап кою оор эмес да. Башканын жумушун, аракетин баалоо, алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Мактаган кишиге эмоцияоналдык жактан жакын боло түшөт.

Күйөөңүзгө: “Иштеп бизди эч нерседен кем кылбай багып келгенине рахмат”.

Кайын энеңизге: “Апа, сиз болбосоңуз балдар менен эч нерсеге жетишмек эмесмин, каралашып бергениңизге рахмат”.

Балаңызга: “Балам сага чоң рахмат, сен болбосон бул ишти дагы бир топ жасап отурмакмын” ж.б.

Үй-бүлөлүк жашоого кошкон салымын баалап жатканын байкаган адам, сиздин да баркыңызды, эмгегиңизди көрө баштайт.

Ошондо, эмпатияны өнүктүрүүгө келип жеттик

Өзүңүздү-өзүңүз баалай барктай билиңиз. Жеке сезимдер, эмоциялар, абал тууралуу ачык айтуу зарыл. "Мен бүгүн, бул, бул жана бул иштерди жасадым. Аябай чарчап калдым. А мына муну жасай албай койдум. Колуман келген жок. Кандай кылсак болот? Кеңеш айтчы?"

Үй-бүлө бардык тетиктери дал келишкен, көп функционалдуу ишканага окшош. Андагы милдеттер бардыгына текши бөлүштүрүлүп, жоопкерчилик менен аткарылышы керек. Ошондо ортодогу түшүнүү жана бирин-бири баалоо пайда болот.

Бактылуу болгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт