// //

Аялдын боюнан түшүрө турган 6 негизги себеп

2019.12.25, 13:29
22964

Статистикалык маалыматтарга ылайык, кош бойлуулуктун 15-20 пайызы бойдон түшүү менен аяктайт. Бул көпчүлүк учурда аял боюнда бар экенин биле элек маалда болот. Бирок кээде аял курсактагы баласына байланып, көнүп калганда аны жоготуп алат. Bilesinbi.kg түйүлдүктүн бойдон түшүп калуу кооптуулугун күчөткөн жана кеңири таркаган алты себеп тууралуу айтып берет. 

1. Жатындагы көйгөйлөр

Кызамык, кызылча, гонорея, хламидиоз, эпидемиялык паротит сыяктуу жатындагы инфекциялар, сезгенүүлөр, жатын булчуңдарынын алсыздыгы, диабет жана башка себептер кош бойлуулукту үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

2. Жаш курак

35 жаштагы аялдарда, өздөрүнөн кичүүлөргө караганда бойдон түшүү ыктымалдуулугу жогору. Мисалы, бойдон түшүү коркунучу 35те - 20%га, 40та – 40 %га, 45те-80%га жакын.   

3. Гормондор менен байланыштуу көйгөйлөр

Прогестерондун жетишсиздиги же тестостерондун ашыкча болушу кош бойлуулуктун алгачкы айларында түйүлдүктү жоготуп алууга себепкер болот. Андыктан, кош бойлуу айым гормондорун көзөмөлдөп турушу зарыл. 

4. Ашыкча салмактуулук

Семирүү же ашыкча салмактуулукка байланыштуу көйгөйлөр түздөн-түз бойго бүтүү ыктымалдыгына таасирин тийгизет. Изилдөөлөр боюнча, ашыкча салмактуулук менен жабыркаган аялдардын репродуктивдик ден соолугунда көйгөйлөр көп болот.

5. Гендин же хромосоманын бузулушу

"Ген" деп аталган генетикалык материал – хромосоманын чегинде жайгашкан. Ал баланын өсүү жана өнүгүү планын ташыйт. Кээ бир учурларда, өзгөчө биринчи триместрда, генетикалык материалда же хромосонын өзүндө аномалиялар пайда болуп, бойдон түшүүгө алып келиши мүмкүн. Мындай бузулуулар, адатта, кош бойлуулукту мөөнөтүнөн мурда токтотууга муктаж кылган синдромдорду пайда кылат: Даун синдрому, Тернер синдрому, муковисцидоз ж.б.

6. Токсиндер

Курмандына токсиндер бар заттарды колдонгон, мисалы, тамеки чеккен, спирт ичимдиктерин ичкен жана баңгизаттарды пайдаланган аялдарда бойдон түшүү ыктымалдуулугу жогору.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Вазектомия. Балалуу болгусу келбеген эркектер үчүн маалымат

Жатындын түшүп кетүү себептери жана дарылоо жолдору

"Трубаларды" буудуруу операциясы тууралуу гинеколог айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт