Жатындын түшүп кетүү себептери жана дарылоо жолдору

2019.12.25, 10:11
1436

Medcenter.kg медицина борборунун акушер-гинекологу Нургазы Джанузаков жатындын түшүшү тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Жатындын түшүшү – жатындын туура эмес жайгашуусу болуп саналат. Бул жатындын жана көтөн чучук булчуңдарынын начарлашы, тактап айтканда бошоп калуусу менен байланыштуу. Адатта, жатындын түшүшү төрөттөн кийин же менопауза учурунда пайда болушу мүмкүн.  

Себептери:

  • Төрөт учурунда жаракат алуу;
  • Чоң салмакта бала төрөө;
  • Эстрогендердин жетишсиздиги;
  • Оор нерселерди көтөрүү;
  • Тутумдаштыргыч ткандардын оорусу;
  • Көп төрөт;
  • Ашыкча салмактуулук ж.б.

Белгилери:

  • Ичтин ылдый жагы жана белдин оорусу;
  • Жыныстык катнаш учурундагы ыңгайсыздык жана оорутуу;
  • Кан аралаш суюктун бөлүнүп чыгуусу;
  • Менструациянын бузулуусу;
  • Этек кирдин оорутуп келүүсү;
  • Жыныс кынында жат бир зат жүргөндөй сезилүүсү;
  • Заараны кармай албай калуу, баттан заара кылуу же кыла албай кыйналуу;
  • Жыныс мүчөдөн жел чыгуу;
  • Ич катуу ж.б.

Диагностикасы:

  • Анализ тапшыруу;
  • Кольпоскопия;
  • Гистеросальпингоскопия;
  • УЗИ ж.б.

Дарылоо:

Операциянын ар кандай түрлөрү бар. Көп учурда лапароскопиялык промонтофиксация методу колдонулат. Дарылоо индивидуалдуу, оорунун даражасына жараша жүргүзүлөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт