Кайын эжем менен кайын сиңдим үйгө келип жаңжал салып турушат
Саламатсызбы. Мен психологдун кеңешине муктажмын. Турмушка чыккам, эки балабыз бар. Учурда кош бойлуумун. Жолдошумдун ата-энеси менен бирге турабыз. Андан сырткары биз менен кайын эжемдин 1 баласы, кайын сиңдимдин 1 кызы, кайнимдин 1 баласы үйдө. Балдардын айынан ар дайым уруш-талаш, ызы-чуу. Мезгил-мезгили менен кайын эжем менен кайын сиңдим үйгө келип жаңжал салып турушат.
Жолдошум мага жана үй-бүлөбүзгө кайдыгер. Балдардын ичкен-жегени, кийим-кечеси менен иши жок. Төркүнүмө коноко барсам да кем-карчысы менин мойнумда. Өзү иштейт, бирок айлыгы канча экенин билбейм, толугу менен энесине өткөрүп берет.
Үй-бүлө курганыбызга 10 жылдан ашып калды. Өзүнчө бөлүнүп жашайлы, оокат кылалы, десем такыр көнбөйт.
Менин биринчи никемен да уулум бар, 14кө чыгып калды. Азыр ата-энемдин колунда. Байкушум, кичине кезинен бери эле мени менен бирге болууну эңсеп келет. Кичүү балдарым да аны байкелеп жакшы көрүшөт.
Бирок күйөөм улуу баламды такыр кабыл албайт. Эмне кыларымды билбейм. Кеңешиңерге муктажмын.
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Абалыңар аябай чаташып калыптыр. Түшүнгөнүмө караганда үй-бүлөлүк бюджет, үй-бүлөлүк милдет дегендер жок. Сиздин мойнуңузда өз балдарыңардан тышкары башка балдар да бар экен. Демек өз уулуңузду деле алып келип бирге жашаганга шартыңар бар. Бирок күйөөңүз каршы.
Күйөөңүз бир туугандарына өзүнүн үй-бүлөсүнүн эсебинен жардам берүүгө даяр экен. Ал эми силердин үй-бүлө толугу менен сизге тиешелүү жана ал үчүн сизди жоопкерчиликтүү деген пикирде окшойт. Балким, анан ою боюнча абалдын мындай болушу сизди канаатандырат деп жүрөт?
Сиз ага өзүңүздүн каалоолоруңузду ачык айттыңыз беле? Бирге отуруп келечекке план куруп, андан ары кандай жашай турганыңарды сүйлөштүңөр беле? Же күйөөңүз өмүр бою ушинтип жашай бериш керек деген ойдобу?
Унчукпай чыдап жүрө берген болбойт. Жакпаган нерселерди ачык айтып, кеңешип бир пикирге, бир чечимге келүүнү үйрөнүшүңөр керек. Албетте кыйкырышып, урушуп-талашып эмес. Жолдошуңуз менен болгон сүйлөшүүлөр жайдары ошол эле учурда олутттуу өтүүгө тийиш. Анын да пикирин уга билгиле, өзүңөрдүн оюңарды да жеткире билгиле.
Эгер сүйлөшпөстөн унчукпай чыдап, ичиңизден нааразы болуп жүрө берсеңиз эч нерсе өзгөрбөйт, эч нерсе чечилбейт.
Күйөөңүз менен аз-аздан бирок күндө сүйлөшүңүз. Өзүңүздүн сезимдериңизди, эмоцияларыңызды, санаркоолоруңузду билдиргиле. Колдон келишинче улуу балаңызды жаныңызга алганга аракет кылгыла. Бир туугандардын бирге болгону жакшы. Жолдошуңузду акырындык менен көндүрүңүз. Балким балаңыз менен бирге жашап баштагандан кийин анын мамилеси өзгөрөт.
Бактылуу болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.