Аялымдын айынан туугандар менен катышпай калдым
Айзада менен “Одноклассники” социалдык баракчасынан таанышкам. Бир айдай жазышып жүрүп жолуктук. Боюу кичирээк эле болбосо, сүрөттөгүдөй сулуу экен. “Шашкан жоксуңбу? Мурунку сүйлөшкөн кызың жакшы эле го. Мейли өзүң билесиң да, кийин өкүнбөсөң болду” дегендерге карабай, үч айдан кийин үйлөнүп алдым. Мындай абалга учурап калаарымды кайдан билдим.
Бир ай айылда жүрүп шаарга келдик. Жумушка кеткенимде жалгыз болбосун деп, жаныбызга жээнимди чакыртып алдым.
Жээним иштечү, эртең менен кетип, түштө келчү. Он күн өтпөй эле келинчегим аны жамандай баштады. Карындашымды урушуп койдум. Таарындыбы билбейм, жумушуна шылтоолоп үйдөн кетип калды. Убакыт өтүп кыздуу болдук. Ал ортодо келинчегим эки абысыны менен урушканга жетишти. “Кызды апама берип иштейм” деди, макул болдум, бирок иш тапкан жок.
Кечинде чарчап келсем тамак даяр эмес, үй чачык. “Кечке үйдө жатып эмне кылдың” десем, “бөйрөгүм ооруп жатат” дейт. Ооруканага көрсөттүм, даарыланып чыкты. Бирок, баягы көрүнүш өзгөргөн жок. Жумуштан келгенде эптеп чайымды ичем да уктайм. Тээ мурунку кыздардын сүрөтүнө баскан лайктарды чукуп таап, келээри кеч эмне кылганымды сурап, таң атканча мээмди жейт.
Бир күнү үйгө бир тууган эжем келди. Босогодон аттап эле “Айзада кайсыл бетиң менен мени ушактайсың?! Уялбайсыңбы, мен сага эмне жамандык кылдым?” деп урушту. Кимисине жан тартаарымды билбей “токтоткула, эже чыгып кетиңиз” дедим.
Ошондон кийин туугандарымдан алыстадым. “Ал катынын сөзүн сүйлөйт. Кызын болсо кайын энесине берип коюптур. Айылдагы тойго дагы келген жок, аялы жибербей койгонго” деген сөздөр айтыла баштады.
Апамдан кечирим сурайын деп Айзаданы ээрчитип айылга келдим. Анча-мынча туугандар топтолуп чай ичтик. Жолго чыгалы дегенде апам менен келинчегим урушуп кетти. Себебин билбейм, бирок ошондо аялымдын чыныгы жүзүн көргөндөй болдум. Улуу жеңемдин токтот дегенине болбой апама каяша айтып жатты. Жанына барып жаактан ары чаап жибердим.
Шаарга жеткенче сүйлөшкөн жокпуз. Вокзалдан түшөөрү менен таксиге олтуруп төркүнүнө кетип калды.
Үч күн үйдөн чыкпай ичтим. Эжелерим, байкелерим чалып нааразычылыктарын айтып жатты. Мүмкүн алардыкы туура, чындап эле аялыма баш ийип калгандырмын. Эмне болуп бул абалга жеткенимди өзүм да билбейм. Шашып үйлөнүп алыпмын. Айзаданы сүйбөйм, болгону кызымдын атасыз өсүшүн жана аял кетирди деген атка конушту каалабай жашап келем.
Бермет Уланова, гештальт-консультант
Урматтуу мырза, катыңыздын аягында абдан маанилүү нерсе жазыпсыз: жубайыңызды жакшы көрбөгөнүңүздү, кызыңыз үчүн гана жашап жатканыңызды, ажырашкан деген атка конууну каалабаганыңызды. Баяныңыз башынан аягына чейин өзгөлөрдүн пикирине толгон экен: тиги мындай деди, ал минтти. Жашоо сиздики болгондон кийин башкалардын эмне деп жатканы маанилүүбү? Келинчегиңиз менен бирге болууну каалайсызбы? Жашаңыз! Калаабайсызбы? Ажырашыңыз! Кыйналып жүргөнүңүздү түшүнүп турам. Абалыңыз жөнүндө жакшылап ой жүгүртүңүз. Адамда кайгыруу, ачуулануу, тынчсыздануу сезимдери болуп турат. Буларды сезүүгө өзүңүзгө мүмкүнчүлүк берсеңиз, жыйынтыгында андан ары эмне кылуу керектигин билесиз.
Келиңиз, жагдайды талдап көрөлү.
Башында "өкүнүч" жана "шашылыш" тууралуу айтып жатасыз, эмне үчүн ал сөздөргө кадалып калдыңыз. Демек, ошол учурда башкалардын айткандарына кулак салбаңыз, анда ага үйлөнүүнү каалагансыз. Эми кайра артка барып, алардын айткандары туура же туура эмес деп ойлоонун эч кандай пайдасы жок, баары аткарылып калды.
Келинчегиңизди жалгыз таштагыңыз келбей, силер менен бирге жашап турсун деп жээниңизди чакырыпсыз. Аялыңыз жалгыз кала албаган кичинекей балабы? Андан тышкары, жээниңиз деле иштейт экен. Жаңы эле баш кошуп, бири-бириңерге көнө электе аны чакыруунун кереги бар беле?!
Аялыңыз туугандарыңыз менен урушканын жазыпсыз. Баарына эле Айзада күнөөлүүбү, ушул суроого жооп берүүгө аракет кылыңызчы. Туугандарыңыз эч нерсе кылбаса, жубайыңыз жөн жерден уруш чыгарып жатабы? Балким, күнөө эки тарапта?
Коомубузду билесиз, эреже катары кайын-журт келинди жактырбаса, бүт үй-бүлө мүчөсү менен бирге кабыл албайт.
“Апама жеңем жакпайт, бирок жеңем мага жамандык кылган жок, ал менен байкем жашайт, ага нейтралдуу же жакшы мамиле кылайын” деген учурлар бизде сейрек кездешет. Адатта мунун ордуна кимди-ким эмне деди сыяктуу талаш-тартыш болот.
Сизге айтаарым, туугандардын кийлигишүүсүз аялыңыз менен маселени чечип алыңыз.