// //

Зордук-зомбулукка кабылсаң демек өзүң күнөөлүүсүң. Чынында ушундайбы?

2019.12.19, 13:50
1663

Зордукталып кетти, деген жанылыктар чыкканда же сексуалдык тийишүүлөр жөнүндө кеп козголдгондо, комментарий жазгандар эки топко бөлүнүшөт. Бир бөлүгү, (негизинен эркектер) зордукталган аял өзү күнөөлүү, деп айтышат: Ырас болот! Ачык-чачык кийинбей, түнкүсүн көчө таптабай үйдө отуруш керек болчу! – дешет.

Экинчи бөлүгү адамдар жапайы жандык эмес, өзүнүн каалоолоруна ээ болушу керек. Көзүнө көрүнгөндү баса калбай – деп жооп кайтарышат. “Открытая линия” коомдук фонду зордук зомбулукка колдоо көрсөткөн жана анын коомдо орун алышын нормалдуу нерсе катары кабыл алгандарга каршы аргументтерди даярдады.

Зордук-зомбулуктан жабыркагандар тууралуу көпчүлүк кандай пикирде болот?

Көпчүлүк курмандыктардын өзү күнөөлу деген ойдо. Алардын пикири боюнча төмөнкү нерселерди жасабаса, зордуктоо фактылары азаят.

  • эгер ар кайсы жакта жүрбөй, үйүндө отурса эч нерсе болмок эмес
  • эгер ачык кийинбей, түз жүрсө, өзү көз кыспай, зордукталмак эмес.

Бул жүйөлөргө каршы аргументтер

Изилдөөлөргө ылайык көпчүлүк зордуктоо фактылар:

  • зордуктоонун курмандыгы менен жакындан тааныш болгон адамдар тарабынан ишке ашырылат;
  • зордуктоолордун басымдуу бөлүгү көпчүлүк коопсуз деп санаган жерлерде болот: үйдө, достордун, туугандардын үйүндө, коомдук жайларда.

Түшүнүктөрдүн алмашып калышы

Коомдо эгер сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер болсо, бул зомбулук эмес же чыныгы зордуктоо болуп саналбайт, деп айтылат.

Каршы аргументтер

Чынында, адамдын каалоосуна каршы келген кандай болбосун сексуалдык мүнөздөгү иш аракеттер – сексуалдык зомбулук болуп саналат.

Көк беттик, көшөрүп отуруп бир нерсеге жетүү менен кыстоонун айырмалай билбегендик

Тилекке каршы биздин коомдо азыркыга чейин төмөнкү жаңылыш пикирлер жашап келет:

  • жок дегени демек “ООБА” деп айтканы;
  • чыныгы эркек жок дегенине карабай максатына жете билиши керек

Мындайда көпчүлүк так жана даана айтылган “жок” деген сөздү кулагына илбейт.

Аргумент

“Жок” деген сөзүнө көңүл кош кылынган мамиленин өзү сыйлабагандык.

Башка бирөөнүн “жок” деген сөзүн кабыл албаганыңар, башка адамга жеке чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк бергиңер келбейт дегенди түшүндүрөт. Сиздин калооңуз аныкынан жогору турат дегендик.

Бул психологиялык зомбулук.

Бир жолу “ооба” дегени өмүр бою макул дегенди билдирет, деген түшүнүк

Көпчүлүк, эгер зордуктоо мурда мамиле курган адам тарабынан жасалган болсо, анда бул зордуктоо болуп саналбайт, деп ойлошот.

Аргумент

  • ар бир адам өзү чечет ким менен мамиле кургусу келет жана ким менен мамиле курууну улантат. Бул чечми алардын буга чейинки мамилесине көз каранды эмес.
  • Кандай болбосун мамиле, эгер ал адамдын каалосун эске албай туруп жасалган болсо, демек бул зордуктоо.

Миф

Унчукпагандык – демек макул болуу. Эгер зордуктоонун курмандыгы кыйкырбаса жана каршылык көрсөтпөсө, демек ал макул болгондук.

Аргумент

Зордуктоонун көпчүлүк курмандыктары кыйкырып каршылык көрсөтүүдөн коркушат. Башкалар бул туурлауу билип калса, алар да тийишет, ыдык көрсөтөт деп чоочулашат.

Зордукталгандарга коомдогу социалдык сын пикир жана басым көрсөтүү өтө катуу болот. Алар зордуктоонун өзүнөн да элдин сынынан көбүрөөк азап тартышат.

Жок демек жок, деген моделди кынтыксыз деп айтуу мүмкүн эмес. Себеби унчукпай коюу автоматтык түрдө макул болуу катары кабыл алынат. Зыяндуу стереотиптерди таңуулайт жана зордуктоо фактысы үчүн жоопкерчиликтин бардыгын курмандыктардын өзүнө жүктөйт.  

Макул болуу маданияты, бул эки тараптын тең макулдугу менен ишке ашкан мамилелер.

Жаңыдан мамиле курган адамдар зордуктоонун крумандыгы болуп калбаймынбы деп кабаатыр болбоого тийиш.

Алар агерссор болуп калбасам экен, деп ойлонууга милдеттүү.

Материал “Открытая линия” коомдук фондунун “Гендердик зомбулук маселелерин чагылдыруудагы инновациялар медиалар” долбоорунун алкагында ПРООНдун колдоосу менен даярдалды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт