ДЦПдан сакайса болот
Балдардын церебралдык параличи (ДЦП) балдар неврологиясындагы эң чоң көйгөй. Бул комплекстүү оору болгондуктан, анын себеби бул же тигил деп айтуу мүмкүн эмес. Келип чыгуу жолдору абдан көп, эне кош бойлуу кезде вирустук ооруларга чалдыккандан баштап, төрөттүн татаал болушуна чейин десек болот. Жыйынтыгында төрөткө даяр болбогон шартта бала ДЦПнын эң биринчи белгиси болгон- кыймыл-аракеттердин бузулуусу менен төрөлөт. Моторикалык өрчүү токтоп, башын кармай албайт, колу-буттарын кыйылдатпайт, акыл-эс жагынан артта калат.
Балдардын церебралдык параличи (ДЦП) мээнин кайсы бөлүгү жабыркаганына жараша түрлөргө бөлүнөт. Мисалы мээнин бир эле зонасы жабыркап, оң же сол тарап иштебей калышы мүмкүн. Мындайлар ДЦПнын зыянсыз түрү болуп эсептелинип, учурунда кайрылса дарылоого болот, кичине гана белгилери калып калышы мүмкүн. Андан тышкары бири-бири менен айкалышкан оор түрлөрү бар. Бирок өкүнүчтүүсү дарылоого мүмкүн болбогон балдар бар болушу.
Бизге 25 жаштагы жигит кайрылган. Ал ыктыярдуу болбогон көп кыймыл аракетке ээ болгон, баса алган эмес. Бир сөздү айтыш үчүн бир канча убакыт талап кылынган. Жигит ооруган ДЦПнын түрү баш мээни жабыркаткан эмес. Болгону ал туура эмес кыймылдаганы үчүн, аны элдер акыл-эси жайында эмес деп ойлошкон. Ал баарынан акылдуу эле. Мурду менен компьютерде жазганды үйрөнүп алган, достору дагы көп. Биз жарым жыл ал менен иштешкенден кийин, бутуна туруп кетти. Демек эгерде мээ жабыркабаса, эмнеге айыктырбаса болбосун. 100 пайыз калыбына келтирип, дарыласа болот дебейм. Бирок ДЦП адам дарыланууга, бир аз белгилери калса дагы коомдун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Неврологияда эң жаманы, өтүп кеткен убакыт. Мээ такталган убакыт параметрлери менен өрчүйт.
Мисалы, бала 2 айда башын көтөрүп, 6-8 айда олтуруп, 9-10 айда жөрмөлөп, 1 де басып, 5-6 сөз сүйлөп, 3 жашында өздүк концепсиясы бар болуп, 5-6 жашында моторикалары иштеп, сүрөт тартып калышы керек.
Ар бир курагында аткара турган нерселери бар. Эгерде мээ патологиялык өрчүү менен кетип калса, дарылоо кыйын же мүмкүн эмес болуп калат. Эч качан бизде дагы ушундай болгон, сүйлөп кетет деп күтүп олтура берүү же көз тийди деп табыптарга алып баруу болбойт. Неврология так илим, мээнин ар бир бөлүгүндө бөлүнгөн кыймыл аракеттер бар. Андыктан балада кандайдыр бир кооптуу белгилер байкалса, аны бейтапканага алып баруу керек. Ар бир ай сайын профилактикалык негизде дарыгерлерге көрсөтүүнү адат кылып алуу зарыл.