// //

Алты жылдын алиментин төлөтсө болобу? Юрист кеңеш берет

2019.12.11, 18:31
1332

Саламатсызбы! Ажырашып кеткем, бир кызым бар. Алимент төлөткөн эмесмин. Эми алимент төлөсө 6 жылдан беркини төлөйбү? 

Кызымдын фамилиясын өзүмдүн фамилияма котортсом болобу? Эмне документтер керек? Кайда кайрылам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2019, 18:35

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы!

Алимент өндүрүү боюнча сиз арыз же доо арыз менен сотко кайрылсаңыз болот. Бул эки арыздын айрымачылыктары бар.

Эгерде сиз алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылсаңыз анда эч кандай соттук териштирүү болбойт жана арызыңыздын негизинде сиз сотко кайрылган күнүңүздөн тартып алимент өндүрүүсү жөнүндө соттук буйрук чыгат (үч күндүн ичинде). 

Кызыңыздын фамилиясын өзгөртүүгө жолдошуңуздун макулдугу керек болот. 

Ал эми, сотко доо арыз менен кайрылсаңыз, сиздин жана балаңыздын атасынын катышуусу менен соттук кароо болот. (Эки айга чейин созулушу мүмкүн.) Доо арызда сиз акырки үч жылга алимент төөлөсү боюнча маселени койо аласыз, анткени доо арыздын жалпы мөөнөтү үч жыл. Доо арызыңызда ошол жылдары жолдошуңуз алимент төлөгөн эместигин далилдеп беришиңиз керек болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт