// //

Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы 2

2018.10.25, 14:16
2474

Башталышы  

Ошентип жатаканага келдик. Акчамды төлөп, майда-чүйдөгө деп 300 доллар таштап кетти. Кечинде чалып акыбалымды сурады. Болгон окуя такыр оюмдан кетпей койду. Бир туруп сүйүнсөм, кайра ыйлагым келет. Ошентип, уктап калдым.

Эртеси өзүм телефон чалдым, "Аби, жардамыңыз үчүн сиздин касапканаңызга (мал союлчу жай) бекер иштеп берейин" десем макул болду. Түштө келип алып кетти. Барсам, Сириядан качып келген үй-бүлө 3 баласы менен иштеп жатыптыр. Мен дагы аларга кошулдум. Бардык жерди жыйнап, кечкиге тамак жасадым. "Аябай таза, элпек кыз экенсиң" дешти. Үй-бүлөдөй болуп калдык. Күлүп-жайнап жумушубузду бүтүрөбүз, кечинде бирге тамактанабыз.

Бир күнү цехке сымбаттуу жигит кирип келди. Түштөнүүгө дасторкон даярдап жатканбыз. Аби "бул менин уулум, аты Енес" деп тааныштырды. Экөөбүз тил табышып кеттик. 

Бир жолу куймак бышырганга жумуртка калбай калыптыр. Сатып келейин десем шаарды жакшы билбейм, айла жок Енеске айттым. Барбайм, дегенине карабай жибердим. Кечке күтсөм жакын арада келчүдөй эмес. Эшикте тооккана бар болчу. Кирип барып жаткан тооктордун алдынан издей баштадым. Акыры бир тоокту тырпыратып кармап алып катуу кыссам, жумуртка чыгып кетти. "Оо кудай" деген үндү угуп, артымды карасам Енес досу экөө мени таң калып карап турушат. Аңгыча атасы келип калды. Болгон окуяны айтып берип, эки саат күлдүк. 

Айнооруз токтосоң, тиги кыргыз эже эмне болду?

Ааа, аны унутуп калыпмын. Чалып жатты. Блокко салып койгом. Ошол күндөн бери көрө элекмин. 

Азыркы дүкөн ошол эжең тааныштырган кишиникиби?

Ооба, мен ал жердин администраторумун. Жаман ойлобоңуз, баарына ак эмгегим менен жеттим. Алар менин чынчылдыгымды, кандай жумуш болбосун жеңимди түрүп алып киришкенимди, ачык мүнөзүмдү жактырышты. Касапканада иштедим, кийин дүкөнүнө башчы кылды. 

Мен сизди сатуучу экен дегем (күлүп).

Мен жумуш ылгабайм. Кээде өзүм сатам, полун деле жууп жиберем. Кайда жүрбөйлү аткарган ишибиздин майын чыгара жасап, элдерге жакшы мамиле кылсак баары жакшы болот экен.

Жакында Енеске турмушка чыгам. Аби Енес менен ата-энемдин алдына барып кадимки кыргыз салты менен куда түшүп, сөйкө салышкан. Учурда мен аябай бактылуумун!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт