// //

Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы

2018.10.23, 15:03
3919

Чет өлкөдө мигранттар чоочундарга гана эмес, өз жердештерине дагы алданып калышы мүмкүн. Айнооруздун (аты өзгөртүлдү) окуясы муну тастыктап олтурат. 

Айнооруз менен Түркиянын көчөлөрүнүн биринде жолуктум. Жакын жердеги дүкөндө сатуучу болуп иштейт экен. Бат эле тил табышып кеттик. Кечинде жай олтуруп сүйлөшөлү деп макулдаштык. Жумуштарымды бүтүрүп алып, болжолдошкон жерге бардым. Эбак эле келиптир. Чайдан жутуп коюп, өз окуясын айтып олтурду. 

Ал эже менен интернеттен тааныштым

Мындан 3 жыл мурун Түркияга кетүүнү чечтим. Интернеттен жумуш издеп олтуруп Анталияда жашаган кыргыз эже менен таанышып калдым. Ал эже түрк кишиге күйөөгө тийип бир кыздуу болуптур. Биринчи никесинен калган 2 баласы өзүнүн ата-энесинин колунда экен. Түркияда мага жумуш барбы десем “эч кам санаба, таап берем” деп ишендирди. Канча акча керектигин сурасам, “майда-чүйдөңө алсаң болот, тамак-аш, жатчу жериңди камсыздайм” деди. Карызга акча таап, Түркияга жөнөдүм. Корктум, бирок кыргыз эжеге ишендим.

“Бүгүн үйгө конок келет, даяр бол”

Чындап эле аэропорттон тосуп алды. Үйүнө алып келип меймандады. 8 жашар кызы менен тааныштым, күйөөсү реализатор болуп иштейт экен. Кечинде шаарды көрсөттү. Ошентип бир жума конок болдум. Бир күнү эртең менен чай ичип отурсак  “акыркы жолу качан жыныстык катнашка бардың эле” деп бир кызыктай суроолорду бере баштады. Уялганымдан “жок ай” деп жооп берип жаттым. Түштө “бүгүн үйгө конок келет, кабарың болсун” деди, көңүл бурган жокмун. Кечинде күйөөсү мен 45 жаштар чамасындагы зыңкыйган бир эркек кирип келди. Ракы (түрктөрдүн улуттук спирт ичимдиги) ичип таанышып отурдук. Ал түнкү саат 2лерде кетти. Үч күн өткөндөн кийин эже “үйдө олтура берип сыгылып кеттиң го, сага көңүл бурганга эч эле убактым болбой жатат, мурда күнү келген киши менен сейилдеп кел” деп калды. “Коюңузчу” дедим. Кызыгы тиги киши кечинде келди, барбайм десем болбой жиберди. Машинасына отурдум. Кайсыл жакка баратканбызды деле билбейм. Жолдо сүйлөшкөн жокпуз. “Эмне жейсиң?” дегенде, “билбейм, сизге жаккан жерге барып тамактаналы” дедим.

“Үйгө келбе, мейманканага бар”

Деңиздин жээгиндеги балык ресторанына алып барды. Тамактын түрлөрүн буйрутма кылды. Бир убакта “азыр келем” деп чыгып кеткен. Бир заматта гүл көтөрүп келип калса болобу. Аябай уялдым. Эжеге чалып “мунуңуз гүл берип  “подход” жасап жатат. Айтыңызчы, үйгө жеткизип койсун” десем, “иий макул, азыр бир аздан кийин чалайынчы, бошобой жатам” деп трубканы коюп салды. Чала түркчө сүйлөгөн жаным үйгө алып бар дедим. Акыры түшүндү окшойт. Үйдү көздөй жөнөдүк го десем чыныгы концерт жолдо башталды. Тиги эже чалып “үйгө келбе, мейманканага бар” деп туруп алды. “Эже, мен бул жерге эркек издегени келген жокмун” деп урушуп кеттим. Тиги киши дагы кайра-кайра аны менен сүйлөшүп жатты. Акыры үйгө таштап койду. Ыйлап кирип барсам, күйөөсү “кетсин” деп кыйкырды.

Акчамды алып коюшуптур

Жанымда 200 доллар акчам бар болчу, чемоданыма катып койгом. Эртеси билет алып кайра кетейин деп карасам жок. Эжеден сурасам “жок ай, жакшылап карачы” деп калп эле чогуу издемиш болду. Бир убакта күйөөсү келди. Акчамды таппай жатканымды айтса, кыйкырып “үйгө келип ичип-жегени, жашаганы аз келгенсип, бизди ууру деп жатабы” деди. Ошентип тыйыны жок калдым. Ыйлагандан пайда жок. Башымдан кайда барам деген ой кетпейт. Тиги эже келип “ата-энеңе чал же досторуңдан карыз алып жоголуп кет” деди. 

Мени күйөөгө сатыптыр

Айла жок, тиги кишиге чалып “Биз урушуп жатабыз. 200 долларымды алып коюшуптур. Мага карызга акча берип туруңузчу, үйүмө барганда салам” десем,  “азыр барам, ыйлаба” деп телефонду койду. Жарым саат өтпөй үйгө келди. Экөө “ага эмнеге чаласың” деп бир кызыктай болуп ары-бери басып, сарсанаа болуп жатты. “Силерди такыр түшүнгөн жокмун, кече эле ага салып берип жатпадыңар беле” десем “сен түшүнбөйсүң” деп эже ыйлап жиберди. Чемоданымды чогултуп чыгып кеттим.

Машинада баратып түрк байкеден эмне болгонун сурасам “Мени кечирип кой, туура эмес кылдым, баарын азыр билдим. Сарсанаа болбо, жата турчу жай алып берем, жеткидей акча таштайм” деп боор ооруп карады. “Аби, мага эч нерсенин кереги жок, болгону билетимди алып берсеңиз жетет” десем, эмнеге келгенимди сурады. Жумуш издегенимди айтсам, “түшүнүктүү” деп башын ийкеди. “Жумуш таап берем. Мен сен ойлогондой жаман киши эмесмин. Менин дагы кыздарым бар. Эч кабатыр болбо, болгону булар мага чоң акча карыз болчу. Бир ай мурун тиги эжең сүрөтүңдү көрсөтүп, “сиңдим, күйөөгө тийип ажырашкан, эки баласы бар, буга аябай акча керек болуп жатат. Бай эркек менен таанышат” деп айтып калды. Чындап элеби? - десем  “ооба, күндө сүйлөшүп турабыз, сени сурайт, сүйүп калыптыр” деп мени ишендирген.

Сүрөтүңдү көрүп мен дагы жактырдым. Күмөн санадым, бирок эжең “ой кыргыздын эркектери  жалкоо, аракеч, үй-бүлөсүн бакпайт. Азыр кыргыздын кыздарына тамак болсо эле болду, 70 жаштагыларга күйөөгө тийгенге даяр” деп убадалап жатканынан макул болгом. Көрсө менин акчамды бербөөнүн бир айласы экен” деди. Ачуумдун келгенинен “Эч качан жакшылык көрбөй кал, мага кылганыңды балдарыңа эки эселеп көрсөтсүн” деп каргап бараттым...

Уландысы

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт