Балам 4 манжалуу болуп төрөлүп калды. Кимге кайрылышым керек?
Балам 4 манжалуу болуп төрөлүп калды. Бир манжасы жабышып калган экен. Оперция жасатуу үчүн кимге кайрылышым керек?
Самаганова Бермет
Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси
Баланын манжаларынын жабышып төрөлүшү – синдактилия деп аталат. Бул баланын өнүгүүсүндөгү аномалия, тубаса кемтик болуп саналат.
Мындай операциялар Улуттук госпиталдын Реконструктивдүү хирургия жана манжа хирургиясы бөлүмүндө жасалат.
Ошондой эле Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна да кайрылса болот.
Баланын тубаса кемтиктери бар болсо, 5 жашка чейин мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында операция бекер жасалат. 18 жашка чейинки балдар үчүн “сооплата” төлөнөт.
Эгер биздин мамлекетте андай операцияны жасатуу мүмкүн эмес болсо, квота аркылуу башка өлдкөлөргө жөнөтсө болот.
Сурооңуз менен төмөнкү даректерге кайрылып көрүңүз:
- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору, дареги Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 190, директору Узакбаев Камчыбек Аскарбекович, телефон номери 0312 49 23 71.
- Улуттук госпиталь, дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 1, убактылуу директордун милдетин аткаруучу Уметалиев Тилек Маратович, телефон номери 0312 66 10 08.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.