// //

Күйөөм Москвада иштейт, бирок акча чогулталбай жатабыз. Кандай кылсак?

2019.11.24, 18:08
1468

Үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болуп калды. Ортобузда бир балабыз бар. Күйөөм бир жылдан бери Москвада иштейт. Балам экөөбүзгө айына 3000 сом салат. Учурда дагы боюмда бар. Биздин көйгөйүбүз, каражат чогулта албаганыбыз.

Эки абысыным бар. Экөөнүн тең өз үйлөрү, мал-жайы бар, ал эми бизде “участок” да жок. Кайын атам, үйдөн бөлүнүп чыккыла, өз алдыңарча үй салгыла, дей берет. Ошол эле учурда күйөөм телефон чалган сайын, кайын атам акча салып жибер дейт. Үйдөгүлөр андан акча сурап өз иштерин бүтүрүшөт, үйүнүн жыртык тешигин бүтөп, оңдоп түзөп жатышат. Кантсе да бир туугандары эмеспи, аларга кантип жок демек эле.

Бирок биз качан, кантип бутка турабыз? Күйөөмө эмне деп акыл үйрөтөм? Антпесем, биздин келечегибиз жоктой болуп жатат. Кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.11.2019, 18:11

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык.

Сиз күйөөңүз менен акча тууралуу алдын ала макулдашып алдыңар беле? Сиздин иштебей үйдө отурганыңызды эске алдыңар беле?

Же болбосо күйөөңүз таап жаткан акчаны, кайда, кандай жана эмнеге корото турганын сиз жалгыз чечишиңиз керек, деп ойлоп жатасызбы?

Келечегибиз жоктой сезилип жатат дедиңиз, ал эми сиз ошол келечек үчүн кандай салымыңызды кошуп жатасыз? Бутка туруу үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?

Үй-бүлөнүн финансылык көз карандысыздыгы үчүн жоопкерчиликти сиз да моюнуңузга алдыңыз беле? Же бардыгын күйөөңүзгө жүктөп коюп, бизди жаман багып жатат, деп нааразы болуп жатасызбы?

Экинчи кош бойлуулугуңузду бирге пландаштырдыңарбы? Материалдык абалыңарды эске алдыңар беле?

Заманбап жашоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы үчүн эркек да аял да бирдей жоопкерчиликте. Сиз бала эмессиз, өз алдынча акыл калчап, чечим чыгарып, сиз да үй-бүлөнүн келечегине салым кошушуңуз керек.

Үй-бүлөлүк бюджет жана үй-бүлөнү пландаштырууну аялы менен күйөөсү бирге отуруп, кеңешип чечим чыгарышат. Бири-бириңерди сыйлап, эки тараптын тең керектөөлөрүн эске алгыла.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.11.2019, 20:23

Мартя Самсонова сизден жардам сурап жазса сиз болгон куноону кайра аялына коюп койгонунуз эмнеси.Эмне акыл бере алдым деп ойлойсуз.Мен жазганынызга кошулбайм.Калп эле уй було багам деп уйдон качып оз жанын тынчын коздоп алыста жыргап жургон эркектер аз эмес.Эртен бул айым дагы айла жоктон балдарын жетелеп иштеп уй булосун жалгыз озу багып баштайт.Ал эми Россиядагы эркеги башка курсагы тойгон жерден орун алып башка булону алдап жашай берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт