Баланын бою нормалдуу түрдө канча болуш керек?
Саламатсызбы. Баланын бою нормалдуу түрдө канча болушу керек экенин айта аласызбы? Менин балам 1 жаш 7 айда.
Эдиль Садыков
Педиатр
Саламатчылык. 5 жашка чейинки баланын боюн жана салмагын үй-бүлөлүк дарыгер өлчөп, стандарттык таблица боюнча аныктайт. Ал көрсөткүч салмагына жараша эсептелип чыгарылат.
ЮНИСЕФ КРдин саламаттыкты сактоо жана КРдин Билим берүү жана илим министрликтеринин колдоосу менен чыгарган “Баланын төрөлгөн күнүнөн баштап 7 жашка чейинки өнүгүү күндөлүгүнө” ылайык, 1 жаш 7 айлык баланын
- салмагы 8 кг 800граммдан - 14 кг чейин болушу норма болуп саналат.
- бою 77 смден – 88 смге чейин болууга тийиш.
Кыз баланыкы
- салмагы 8 кг 500 граммдан – 11 кг 500 граммга чейин
- бою 75 смден – 87 смге чейин болууга тийиш.
Бирок баланын бою жана салмагын өлчөгөндө сөзсүз анын ата энесинин параметрлерин, генетикасын эске алуу керек.
Балаңыз ден соолукта болсун!
Студенттер учун кенээн толук айтсаныз да жакшы болмок ,анткени оз тилибизде ото медицина боюнча маалымат аз!