// //

Кыздыкты калыбына келтирүү боюнча операция. Ал кандай болот жана канча сом турат

2019.11.05, 16:41
16570

Массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтарга ылайык, гименопластиканы расмий түрдө биринчи жолу 1962-жылы медициналык клиникада, италиялык гинеколог Бернулли өз кызына жасаган. Ошондон бери бул жөнөкөй процедура дүйнө боюнча жасала баштаган. Тилекке каршы, гименопластика кыздык тазалыктын бир критерийи катары каралган жана анын жоктугу кыздын өмүрүн бузууга мүмкүн болгон өлкөлөрдө өзгөчө популярдуу.

Бул процедура тууралуу атын атагысы келбеген Nova Clinic медициналык борборунун дарыгери айтып берди.  

- Гименопластика деген эмне?

- Бул жабыркаган кыздыкты калыбына келтирүү боюнча операция.

- Операция Кыргызстанда канчалык популярдуу?

Канчалык популярдуу экенин айта албайм. Бирок бул кеңири таркаган процедура болуп саналат.

- Кандай түрлөрү бар?

- Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү түрлөрү бар.

- Алар бири-биринен эмнеси менен айрымаланат?

Убакыт. Кыска мөөнөттүү операциянын таасири бир-эки күнгө жетет. Узак мөөнөттүү операциянын жыйынтыгы – кыздык белги жабыркаганга чейин сакталат.

- Ошондо, калыбына келтирилген чел кабык бир нече жыл бою сактала алабы?

- Ооба. Мүмкүн.  

- Процедура кандай өтөт?

- Жергиликтүү анестезия менен. Операция учурунда сакталып калган ткандардын баары, максималдуу түрдө калыбына келтирилип, таркап кетүүчү (рассасывающимися) жиптер менен тигилет. Кыска мөөнөттүү операцияда жиптер бир-эки күндө жок болот. Адатта, мындай операция үйлөнүү тойго же биринчи нике түнгө бир нече күн калганда жасалат. Тигилиштер көрүнбөйт, жыныстык катнашта алар жөн гана үзүлүп кетет.

Тактап айтканда, жиптер операциянын эки түрүндө тең өзүнөн-өзү жок болуп кетет, болгону операциянын техникасы ар кандай. Биринчи учурда – калыбына келтирилген чел кабык жиптердин эсебинен кармалып турса, экинчи учурда – алгач жиптин, кийин өсүп жана пайда болгон тырык ткандарынын (рубцовая ткань) эсебинен кармалат.

- Операцияны жасоо үчүн кандайдыр бир каршы көрсөтмө барбы?

- Каршы көрсөтмө стандартуу эле: ар кандай сезгенүүлөр, оорулар (алардын жоктугун тастыктаган маалымкат көрсөтүү зарыл). Жаш курак боюнча чектөө бар (40 жаштан кийин гименапластика жасатууну каалаган бейтап болбосо керек). Ошондой эле, эки-үч төрөттөн кийин чел кабыкты калыбына келтирүүгө аракет жасоонун эч кандай маанси жок.

- Демек, сизге көбүнчө жаш кыздар кайрылат экен да?

- Ооба, көбүрөөк... Билесизби, кырдаалдар ар кандай: жаракат алуу, тилекке каршы жашообузда зордуктоо да болот. Ийгиликсиз никелер да бар: 3-4 ай жашап ажырашып кеткендер. Кыздардын өзүнө бул операция кереги жок. Бул көбүнчө алардын келечектеги күйөөлөрү үчүн жасалат.

- Демек, учурдагы гендердик стереотиптерден улам эркек ар дайым  биринчи болууну каалайт, ошондуктан кыздар гименопластика жасатууга барышабы?

- Ооба.

- Бул операциядан кийин татаалдашуу (осложнение) болобу?

- Татаалдашуу болот. Тилекке каршы, тигиштин ажырап кетүүсү көп учурайт. Мунун себеби дарыгер айткан элементардуу нерселерди аткарбоо. Кыздар кээде биздин кеңештерди укпайт. Сунуштарды аткарууга сөз беришет, кетишет, унутушат. Мисалы, оор физикалык жумуштан алыс болуу зарыл. Операциядан кийин жок дегенде эки жума өтүп, жарат айыккыча, чуркабай, секирбей, тыкыс жана кууш ич кийим кийбеш керек. Ошондой эле, узак убакыт бою бир жерде отурган болбойт. Бутту кайчылаштырып отурууга да болбойт. Булар майда-чүйдө көрүнгөнү менен, айыгууга таасирин тийгизет. Ткандар назик келет, туура эмес кыймыл-араткеттен улам тигиштер ажырап кетет.

- Бейтаптардын кайра кайрылган учурлары болду беле?

- Тигиштер ажырап кеткенде гана бейтаптар кайра келишет.

- Гименопластика канча турат?

Операция өтө кымбат эмес. 50 $дан  - 150 $га чейин, баары техникадан көз каранды.

Эскертүү! Редакция мындай операцияны жарнамалабайт жана пропагандалабайт. Тескерисинче, өспүрүмдөргө жыныстык билим берүү зарылчылыгын белгилейт. Аялдарга жана кыздарга карата кодулоого каршы.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт