Жолдошум мени обу жок аял болбочу деп урушат. Психологдун кеңеши
Турмушка чыкканыма 10 жыл болду. 3 кызыбыз бар, азыр дагы кош бойлуумун. Кийинки күндөрү жолдошум менен мамилем келишпей көп уруша турган болдук. Кылган иштеримди жактырбайт. Мени урушуп, ыйлатканга чейин жеткирет. Боюмда бар, жеңил эле оокаттарды кылайын, десем, “обу жок аялдардай болбочу” – дейт. Эч жерде иштебейт, бирок малдуубуз. Автомат машина алып берчи дегенге көнбөй койду “малды көбөйтөлү, сатканда не пайда?” - дейт. Абысыным да жумушка барат болчумун деп балдарын таштап кетет. Алардын үйдө жүргөнү ачуума тиет. Акыры чыдабай төркүнүмө кетип калдым.
Эльвира Чокоева
психолог
Кутман күн!
Сиз буга чейин 10 жыл бою өзүңүздүн жеке оюңузду билдирбей, каалоо-тилектериңизди жакындарынызга айтпагандан улам учурдагы кырдаал келип чыккан окшойт. Жылдап чогулган нааразычылыгыңызды бир чогултуп, бир көрсөтүп жатасыз.
Анын үстүнө кош бойлуу экенсиз, гормоналдык өзгөрүүлөрдүн фонунда кыялыңыз ого бетер курчуп турган кези. Мурда көңүл бурбаган нерселер сизди ачуулантып жатат. Жолдошуңуз да мурункудай эмес, абысыныңыз да балдарын таштап койду.
Менимче, сиз өзүңүздүн каалоолоруңузду күйөөңүзгө мурда айтчу эмессиз. Ошондуктан ал кош бойлуулардын токсикозун жана кир жууган машинаны сураганыңызды эркелик катары кабыл алып жатат.
Тилекке каршы биздин маданиятта кыздарды башкаларга унчукпай кызмат көрсөтүүгө үйрөтүшөт. Чоңойгондо алар жеке оюн, пикирин айтууга даай албай калышат. Өмүр бою ыңгайлуу жана пайдалуу аялдын ролун ойношот. А бирок ал бактылуубу, эч ким сурабайт.
Азыркы тапта башкысы, аман-эсен көз жарып алыңыз. Өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүңүз.
Ачууңуз тарагандан кийин бул постту дагы бир жолу окуп көрүңүз.
Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Бул жактан окусаңыз болот:
Эмне үчун аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалат? Анын терс жактары
Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.