// //

“Стипендиямды чогултуп, Европаны кыдырып келдим”

2018.10.18, 15:20
1434

Бүгүн биз силерге кыргызстандык Тахмина Кадырова Польшанын Силездик политехникалык университетинен кандайча билим алып калгандыгы тууралуу айтып беребиз. 

Салам Тахмина!  Инженер - программист кесибин кантип тандап калдың?

Салам! Кичинемден так илимдерге жакынмын. Мектепте окуп жүргөндө математика, физика сабактарынан олимпиядаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. 11-классты аяктаганда университет тандоо суроосу ойлондурду. Жыйынтыгында Эл Аралык Ататүрк-Алатоо Университетинин жаңы технологиялар факультетиндеги электрондук инженерия бөлүмүнө тапшырдым.

Картинки по запросу Силез Политехника Университет

Польшага кантип барып калдың?

Чет мамлекетке  чыгам деген пландарым жок болчу. Бирок, университеттен  “erasmus+” программасын угуп калдым. Маектешүүдөн ийгиликтүү өтүп, Польшага 6 айлык бекер окууга мүмкүнчүлүк алдым.    

Документ топтоо кыйын болдубу?

Программадан өткөн соң кабыл алган окуу жай даяр анкета менен документтер тизмесин жөнөттү. Анкетаны толтуруп, ата - энемдин макулдугу тууралуу кат, аттестат жана акыркы 3 жыл ичиндеги академиялык жетишкендигим туурасында кагаздарды нотариалдык күбөлөндүрмөдөн өткөрүп, англис тилиндеги котормосун жөнөттүм. Чакыруу каты келгенде 6 айга окуу визасын ачтым.

Виза маселеси кыйнаса керек.

Визаны Казакстандын Астана шаарындагы Польша Республикасынын элчилигинен алдым. 3 айлык курсуна барам дегендер Кыргызстандагы  Польшанын элчилигинен алса болот.

Биринчи жолу чет мамлекеттке чыгыптырсың. Корктуңбу?

Чогуу барган студенттер менен аэропорттон түшкөндө адашып калдык. Меймандос поляк эли университеттин жатаканасына чейин узатып койду. Туура эмес бөлүмдүн жатаканасына барыптырбыз. Ага карабай вахтер айым жылуу тосуп алып, өз кыздарындай кам көрдү.

Билим берүү методикасы кандай экен?

Сабак берүү системасы аябай жакты. Биринчи жумада теория өтсө, кийинки жумада сөзсүз практика болот. Бул ыкма билимди мыкты өздөштүрүүгө жакшы шарт түзөт экен. 

Бир жолу жатаканадан  бир студенттин туулган күнүн белгиледик. Элестетиңиз, узун коридорго столдорун көтөрүп чыгып, кимде эмне болсо дасторконго коюп майрамдашат экен.

Польшада жүрүп Европаны кыдырганга жетишиптирсиң.

 “Еrasmus+” программасы студенттерге 700 евро өлчөмдөгү стипендия берет. Ошол акчаны үнөмдөп, “пасха” майрамында бир жума Европага чыгып келдим.   

Жатаканама 100 евро төлөсөм, тамак-ашыма 100 евро жетчү. Ошентип, топтогон стипендиям Рим, Флоренция, Пиза, Вененция шаарларын, Францияны көргөнгө мүмкүнчүлүк берди.

Чет жерде окуйм дегендерге кандай кеңеш бересиң?

Чет жакада окуйм деген оюңар болсо, аны кыял катары калтырып койбогула. Изденгиле, университеттер сунуш кылган гранттарды, программаларды карагыла. Аракет кылып бардык нерсеге жетсе болот!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт