// //

Акча чогултуунун сырлары жөнүндө эксперт айтып берет

2018.10.18, 12:10
6324

Банк кызматкеринен кеңеш

Каражат чогултуу кыйын, аны сактап калуу андан да оор. Канткен күндө да, акчанын бир бөлүгүн катып коюу керек. 

Биз ААК "Айыл Банктын” кардарларды тейлөө борборунун жетекчи адиси Адилет Байбориев менен сүйлөшүп, акча чогултуу жолдорун билип көрдүк.

Эки кызым бар.  Аларга эсеп ачып, акча топтой берсемби дегем. Эмне кылсам болот?

Сиз үчүн бизде “Наристе” балдар депозити бар. Паспортуңуз менен кыздарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келсеңиз, эсеп ачып беребиз. Минималдык сумма 1000 сом, андан кийин ай сайын эң аз 500 сомдон салсаңыз болот. “Наристе” депозитинин мөөнөтү 2 жылда бир, автоматтык түрдө узартылып турат. Банкка келип убара болбойсуз.   

Акча топтоп баштайын дегем. Конверт ыкмасын колдонсом болобу?

Конвертке акча топтоо ишенимдүү эмес. Жакшылыктар болуп калса, дароо эле конвертти ачасыз. Андан көрө, депозитке чогултуңуз. Акчаңыз жөн жатпай, үстүнө пайыз кошула берет.  

Кара күнгө акча чогултуу тууралуу айтып бересизби?

Бул чоң ката деп ойлойм. Кара күн деген болбош керек. Жаман ойдон алыс болуп, жакшылыкка чогултуңуз. Бир нерсени алам деп максат койсоңуз, багытыңыздан тайбаңыз. Каалаган нерсеңизди сатып алгандан кийин, өзүңүзгө ишенип, андан чоңураак максат коё баштайсыз. 

Тапкан акчам жугумдуу эмес. Кантип чогултсам болот?

Эгерде акчаңызды банкка салгыңыз келбесе, ишенген адамдарыңызга берип топтотуңуз. Болбосо, депозит ачып алсаңыз, бир жылдан кийин акчаңызды үстөк пайызы менен аласыз.

Акчамды топтоюн дегем. Кайсы депозитти сунуштайсыз?

Сиз үчүн “Керемет” топтолуучу депозит бар. Башында 1000 сом салып коёсуз. Ай сайын пайыздары төлөнүп берилет. Пайыздык чендери: бир жылга 8%, 18 айга 10% жана  2 жылга 11%.

Депозитке акча салсам, бир-эки айдан кийин керек болуп калса, ала аламбы?

Ал үчүн сиз топтолуучу-чыгыштоочу «Алтын» депозитине салыңыз. Бир жылга 7%. Мисалы, 100 000 салдыңыз, ал 30 күн жатты дейли, келип 5 миңин калтырып, калганын алып кетсеңиз, калтырган 5 миңге пайыз эсептеле берет. 

Акча чогултуудан мурун суммасын тактап алыш керекпи?

Сөзсүз түрдө. Мисалы, "ай сайын айлыгымдан 1000 сом калтырам деп" чек коюп алыңыз. Көбүрөөк болсо жакшы, андан аз салууга болбойт.

Апам 70 жашта. Карыгандарга  депозит ачса болобу?

Албетте болот. Бизде пенсионерлер үчүн «Ардагер» депозити бар. Бул депозиттин жакшы жери, мисалы, 2 жылга “Ардагер” депозитин ачтыңыз, бир жылдан кийин акча керек болуп калды, бизге келсеңиз, жарым жылдын пайызын төлөп беребиз.

Коркпостон банкка келип сурагыла. Биз сизге баарын түшүндүрүп беребиз. 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт