Сүйгөнүмө жете албай койдум. Ата-энеси бирге болушубузга каршы
Мен 23 жаштамын. Бир кыз менен бири-бирибизди жактырып 3 жыл сүйлөштүк. Колун сураганы барсам, ата-энеси мага бербей коюшту. Алардын каршылыгы менен сүйлөшпөй калганыбызга бир жыл болду.
Ушунча убакыттан бери аны унута албай, кыйналып, сыгылып жүрөм. Күндөрүмдү эптеп эле өткөрөм. Мурдагыдай күлүп-жыргап жашай албай калдым. Жумушумдун кызыгы жок болгонуна байланыштуу иштерим да жүрүшпөй жатат.
Кантип өзүмө келем? Мага кенеш бергилечи?
Асель Баимбетова
Психолог
Экөөңөрдүн мамилеңерге ата-эненер тыюу салганы абдан өкүнүчтүү. Мен сизди түшүнүп турам. 3 жыл бул бир топ эле убакыт. Эч нерсеге көңүлүңүз келбей, маанайыңыздын жок болгону алсыздык эмес. Демек, бул мезгил аралыкта бири-бириңерге абдан жакын болуп калсаңар керек.
Тилекке каршы кандайдыр бир себептерге байланыштуу ата-энеси экөөңөрдүн баш кошконуңарга каршы болушуптур.
Жакын адамың менен кол үзүшкөндө аны унутуу үчүн кеминде 2 жыл убакыт керек. Мүмкүн болсо сүйүктүүңүздү эскерте турган бардык буюмдарды көзгө көрүнө турган жерден алып салгыла. Сүрөттөрүн, кат жазышууларды өчүрүңүз. Ал кыздын соцтармактагы баракчаларына кирбеңиз.
Кайгырба, капаланба - деп кеңеш бере албайм. Себеби, мындай эмоцияларды баштан өткөрүшүңүз керек. Бул этаптан аттап кете албайсыз.
Бирок, такыр жатып алган да болбойт. Жашоо уланып жатат. Күнүмдүк майда нерселерге көңүл буруп, кубанганга үйрөнүңүз. Жакындарыңыздын, бир туугандарыңыздын, досторуңуздун жашоо турмушуна кызыгып, иштери кандай экенин сураңыз. Жаңы адамдар менен таанышыңыз. Жаңы спортко жазылыңыз. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Чет өлкөгө чыгып саякаттап келиңиз. Кыскасы жашооңорго жаңы, кызыктуу нерселерди кошуп, ага баш отуңуз менен киришиңиз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.