// //

Балдарымды урушуп, тилдейм. Кантип кармансам болот? Психологдун кеңеши

2019.10.25, 11:14
1539

Менин үч балам бар. Үйдөн тигип иштейм, жолдошум курулушта. Кечке ордуман жылбай отура берип аябай чарчайм. Улуу кызым 13тө, уулум 11де, кичинекейим 2 жашка толо элек.

Тапканыбыз күнүмдүк жашоого араң жетет. Үйдөгү оокатка жетишпей, балдарымды кыйкырып урушуп, тилдей берем. Кээде чектен чыгып кетип, колум да тиет. Тигини-муну жаса, деп жумшайм, бирок бала да, чала кылышат.

Жолдошум кечкисин келип, балдарыңа тарбия бербейсиң, деп мени жемелейт. Эмне кылышым керек? Өзүмдү кантип карманып, балдарыма жакшы тарбия берем?

Тартыш турмуштун айынан балдардын көңүлүн ачып, ойнотпойбуз деле.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.10.2019, 11:18

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун адиси, психотерапевт

Саламатсызбы!

Чынында турмушуңар тартыш болгонуна балдар күнөөлү эмес. Бирок кеп акчада эмес. Балдарга башкысы ата-энесинин көңүл буруусу, мээрими, жылуу сөзү, эркелетүүсү. Мектептен келгенде үйдөн апасы жылмайып тосуп алса, кучактап дем күч берип турса.

Балдар мектептен деле уруш жеп, мугалимдерден кагуу-силкүү угуп келсе керек. Үйдөн тилинен заары төгүлүп, ар дайым нааразы болуп турган энеси тосуп алат.

Алар үйдөн, ата-энесинен камкордукту, түшүнүү менен кабыл алууну күтүшөт. Үйдөн жылуулукту таппаган балдар аны башка жактан издешет. Өзгөчө өспүрум балдар. Начар адамдар менен достошуп, акыры калп сүйлөп, үйдөн кача башташат.

Ата-энесине болгон таарынычы жүрөгүндө калып калат. Өз балдарына да сизден көргөн тарбияны беришет: урушат, жемелейт, тилдейт.

Балдар сиздин маанайыңызды, ой-тилектериңизди, сөздөрүңүздү күзгү сымал чагылдырып турушат. Сиздин жакшы сөзүңүзгө да, тилдегениңизге да ишенишет. Жалкоо, чала, жүдөмүш - деген сөздөр акыл-эсине бекем сиңип калат. Сиз балдарыңыздын ушундай болушун каалайсызбы?

Кызыңыз менен уулуңуз эс тартып калыптыр. Үйдө каражат тартыш экенин өздөрү деле билип-түшүнүп турушат. Алар башка мамилеге муктаж.

Сиз аябай чарчаптырсыз. Күнүмдүк тиричилик менен алыша берип алыңыз калбай калды. Өзүңүздүн абалыңызды балдарга жөн гана түшүндүрүп айтыңыз. Аларга көп нерсе бергиңиз келет, көңүлүн ачып ойноткуңуз келет. Бирок шартка байланыштуу, азырынча аны кыла албай жатасыңар. Ошондуктан балдардын колдоосу жана жардамы керек.

Алар менен сүйлөшүп, келечекке койгон максаттарын, кыялдарын угуңуз, өзүңүздүкү менен бөлүшүңүз. Тамашалашып, кызыктуу окуяларды айтып бериңиз.

Материалдык көйгөйлөр эч качан түгөнбөйт. Эч качан акча жетиштүү болбойт. Бирок убакыт өтүп жатат, балдардын балалыгы өтүп кетет.

Позитивдүү ой жүгүртүңүз. Балдарыңыз бар, алардын алты саны аман. Сиздин да, күйөөңүздүн да иштегенге мүмкүнчүлүктөрүңөр бар. Аз болсо да акча таап жатасыңар.  

Карлыгаш Акимкулова менен  инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт