Күйөөмдү жээрип эле турам, такыр көргүм келбейт. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Жакында экинчи ирет турмушка чыктым. Биринчи жолу мындан 9 жыл мурда тийгем. Үйдөгүлөр нике ысык болот, бара-бара көнүп кетесиң деп, көңүлүмө карабай күйөөгө беришкен. 2 ай өткөндөн кийин эле экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Такыр көнө албай койгом. Мен үчүн анын үйү түрмөдөй эле болуп туруп алды. Ошондуктан өзүм кетип калгам.
Эми мынтип арадан 9 жыл өттү. Үйдөгүлөр кайрадан “ушинтип жүрө бересиңби, күйөөгө тийбейсиңби?” -дей башташты.
Акыры өздөрү тааныш-билиштерден сураштырып, мага күйөө таап, кайрадан турмушка узатышты. 10 күн болуп калды.
Бирок кайра эле баягы көрүнүш. Күйөөмдү жээрип эле турам. Такыр көргүм келбейт. Жанына тургум да келбейт. Сүйлөсө ачууланам. Эмнеге мындай? Мага кеңеш бергилечи.
Эки ай мурда бир жигит менен таанышып, экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Ата-энем алыс, деп ал жигитке бербей коюшкан.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Бир караганда ата-эненин чечимине каршылык көрсөтө албай, азап тартып жүргөн кызга окшоп турасыз. Бирок алардын “нике ысык, акыры көнүп кетесиң”, деген сөзүнө карабастан, биринчи жолу күйөөдөн кетип калганга эркиңиз жетиптир. Демек, сиз унчукпай макул болуп калган аялдардан эмессиз. Жеке пикириңизди билдирип, өз алдынча чечим кабыл алганга дараметиңиз жетет экен.
Ошол эле кезде чечимди шашылып, ойлонбостон кабыл алат окшойсуз. Биринчи жолу турмушка чыкканда эки айдан кийин эле кетип калыпсыз. Бул ирет тийгениңизге 10 эле күн болуптур. Мынча кыска убакыттын ичинде адамды толук танып-биле албайсың. Анан да таанышканыңарга эки эле ай болгон жигитке турмушка чыккыңыз келиптир.
Менин сизге бере турган кеңешим: өзүңүзгө жана жолдошуңузга убакыт бериңиз. Аны менен жакындан таанышып, мыкты сапаттарына, мүнөзүнүн жакшы жактарына көңүл буруп, байкап көрүңүз. Башкалардан айырмалап турган артыкчылыктары кантип болбосун? Кээде, чындап эле сүйүү менен сый убакыттын өтүшү менен келиши мүмкүн.
Бул сиздин жашооңуз. Анын кандай боло турганы сиздин гана колуңузда. Ошондуктан өз алдынча чечимдерди кабыл алып, ал үчүн жоопкерчиликте болууга үйрөнүңүз.
Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.