// //

Кош бойлуумун сөөгүм ажырап жатыптыр. Өзүм төрөй аламынбы?

2019.10.23, 13:29
2809

Учурда 34 жумалык боюмда бар. Жамбаш сөөгүм ооруганынан УЗИге түшсөм “расхождение лонного сочлинения 6,2 мм” деп корутунду чыгарып берди. Төрөгөнгө чейин төшөктө жатышым керек экен. 8 ммден өтсө кесердик кесүү менен төрөйсүң, деп доктур айтты. Сөөгүм ажырабаш үчүн эмне кылышым керек? Мен өзүм төрөгүм келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.10.2019, 13:30

Алмаз Макенжанов

Медицина илимдеринин доктору, акушер-гинеколог

Сиздин абалыңыз - симфизит деп аталат.

Бул чаттын кошулуп турган жеринен ажырап кетүү. Негизи бул нормалдуу нерсе. Кош бойлуу аялдын организми төрөткө даярданып жаткан учурда, релаксин деген гормон иштелип чыгып, ал чаттын сөөгүн жумшартат. Бирок айрым учурларда ашыкча көп иштелип чыгып, симфизит диагнозуна алып келет.

Дагы бир себеби кош бойлуу аялдын организминде кальцийдин жетишсиздиги болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин так себеби белгилүү боло элек.

Симфизиттин симптомдору:

  • чаттын оорушу. Өзгөчө басканда анан кечкисин күчөйт;
  • чат жагы шишигенсип калат;
  • отурганда тура албай, турганда отура албай, аябай катуу ооруп кыйналат;
  • басканы өзгөрөт (майпандап, оор басат);
  • тепкич менен көтөрүлө албайт;

Симфизиттин өнүгүүсүнө алып келген факторлор:

  • кыймыл таяныч системасынын оорушу (тукум кууйт);
  • көп сандаган төрөттөр;
  • мурун жамбаш сөөктүн жаракат (травма) алышы;
  • ичтеги баланын салмагынын чоң болушу (4 кгдан жогору);
  • кош бойлуу кезинде аз кыймылда болуу;
  • мурунку кош бойлуулуктарында симфизиттин өрчүшү.

Ооруксунууну азайтуу үчүн төмөнкү шарттарды сактаңыз:

  • жөө басууну кескин азайтуу;
  • отурганда, турганда бир нерсеге таянуу;
  • кальций камтыган азыктарды күнүмдүк рационго кошуу;
  • дененин салмагын көзөмөлгө алуу;
  • атайын бандаж тагынуу.

Тилекке каршы сөөктүн ажырашын токтотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан 37-38-жума болгондо дарыгерлер сизди карап көрүп, кандай жол менен төрөй турганыңызды чечишет.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Алмаз Макенжанов менен инстаграмдагы @almazmakenzhan баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт